www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арманда кетти бир ак куу

Булбул үндүү, кайталангыс талант Элмира Кайып кызы бул дүйнө менен коштошконуна туптуура бир жыл болду. 42 жаш курагында дүйнө салган Элмира Кайып кызынын талантына таазим кылгандар, ал аткарган  ырга  таасирленгендер, аны жакындан билгендердин азыр да  аны өлүмгө кыйчу жан эместигин айтышып, “Элмира адамдын асылы эле, эч кимди капа кылчу эмес, кайталангыс талантына эң бийик адамгерчилиги шайкеш келчү” деп азыр да көздөрүнүн жашын кылгыртышат. Биз интернетти барактап айрым санаалаштарынын жардамы менен  Элмира Кайып кызынын артыкчылыгын, эл билбеген таланттарын, асыл сапаттарын  билүүгө аракет кылдык. Сөздү Бурулкан Карагулованын Элмира Кайып кызынан ажыраганыбызда жазган ырынан баштадык.

Булбулдай буулугуп кете берди Тирүүлүктөн жакын көрүп кара жерди Элмира Кайып Кызы деген ысым Кыргыз элдин жүрөгүндө жашайт эми

Ордуңуз бейиштин төрүндө болсун! 

Бул макаланы даярдап жатып көзүм Элмира эжеден айрылганда ичи  туз куйгундай ачышкан  андан эки айдан кийин эле бул дүйнө менен кош айтышкан Гүлбү  Орскул кызынын Элмира Кайып кызы тууралуу айткан кебине түштү:

“Элмира тукум алчу тулпардай туйлап турган аялзаты болчу”

-Элмира Кайып кызы экөөбүз Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство униститутунда  бир группада окуп, бир жатаканада жашаганбыз. Полотов агайдан да чогуу сабак алчубуз. Элмиранын үнү тубаса өзгөчө үн болчу. Үнү абдан күчтүү  болчу. Кериле басып...куудулданып...каткырыкты калың салган ден-соолугу да мыкты, тукум алчу тулпардай эле туйлап турган олбурлуу аялзаты  болчу. Кандай болуп, андан  эмне болуп ажырап калганыбызды да билбей калдым. Элмиранын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Калган өмүр жашын артында калган кызына жана жакындарына берсин.

Мерген Турган, ырчы: “Элмира жароокер дос, мээримдүү эне, кайталангыс уникалдуу талант болчу”

-Элмира Кайып кызы  эң сонун адам болчу. Сулуу,  боорукер жана  куудул эле. Ал  жароокер ДОС, мээримдүү эне анан уникалдуу, кайталангыс талант болчу. Шум ажал арабыздан мөмөсүн берип, гүлдөп турган маалында алып кетти. Анын көп таланты ачылбай калды. Көпчүлүк эл аны ырчы катары эле таанышты. Чынында Элмирада ырчылыктан башка куудулдук да өнөр күчтүү болчу. Элмира бир келди да, бир кетти. Ичибиз туз куйгандай ачышып, көз жашыбызды төгүп кала бердик. Чынында Элмира өлүмгө кыя турган жан эмес эле. Анын күлкүсү, мүнөзү, турган турпатынын өзү элден өзгөчө болчу. Кудай жакшы көргөн пенде экен минтип жапжаш бойдон алып кетти.  Элмира, жаткан жериң жайлуу топурагың торко болсун. Биз сени эч качан унутпайбыз. Биздин жүрөгүбүздө ар дайым жашайсың. 

Орозгүл Токторбаева, ырчы: “Элмира азыркы жолдошунун ар бир чачынын талынан бери сүйчү”

-Элмира өзүм деп жулунбаган, колунда барын аябаган ак көңүл, ичинде кири жок, өтө боорукер жан эле... Элмираны эскерип, өткөн чак менен сүйлөп калаарым эч качан оюма келген эмес. Мага Элмира телефон чалып эле каткырып кирип келчүдөй эле сезилет. Ырларынын уксаң  баарынан мунканган ноталар сызылат.

Элмира өтө сезимтал жан болчу. Ал сүйүүнү өтө барктап-баалачу. Азыркы жолдошун ар бир тал чачын сүйчү. Башкача айтканда, жүрөгүнүн тереңинен сүйчү. Элмира экөөбүз сүйүү жөнүндө өтө көп сүйлөшчүбүз, сырдашчубуз. Кыбыр эткен жакшылыктарыбызды бөлүшүп кубанчубуз. Аны акыркы жолу 2013-жылдын март айында мен жашаган шаарга дагы бир курбум экөө келгенде көргөм. Жолукканыбызга өтө сүйүнүп аябай чер жаздык эле...Ошондо да боорукерлигин коё бербей, өзү үчүн бир тыйынын коротпостон  бир туугандарыма деп тапканын алып кеткен. Шаардын дал ортосунда жүрүп Отунбаеваны туурап куудулданып аябай күлдүргөн. Кыргыз эли Элмиранын ырчылык өнөрүн гана билип калышты. Анын көп таланты ачылбай кете берди. Убакыт учкан куш экен. Андан ажыраганыбызга туптуура бир жыл болуптур. Жаның жаннатта жүрсүн Элмира. Сен ар дайым менин жүрөгүмдөсүң. Мен сени эч качан унутпайм.

Бурул Калчаева: “Көп таланты, ырчылык өнөрү да ачылган жок”

-Эгерде Элмира драмалык актриса болгондо да ар түрдүү мүнөздөгү каарманды (характерный) ойногон мыкты актриса болмок. Пародист болсо аны да катырмак. Бир жолу кемпирди туураганын көрүп жыгылып калганбыз. Көп таланты ачылбай кетти. Ал тургай ырчылык өнөрү да толук ачылган жок. Себеби, бул муун арабөк учурга туш келип калды. Эми гана баш-аягын чогултуп, топтоп, мына-мына деп турганда кош айтышты...!

Лариса Асанбекова, акын, парапсихолог: "Ажалга айла жок тура...мөлтүрөгөн жаштыгыңа, булбул үндүү талантыңа карабай арабыздан алып кетти..."

-Элмира экөөбүз биринчи жолу 1997- жылы Искуство институтунан таанышканбыз...тагыраагы Алтымыш тааныштырган.Сен анда болгону 22 жаштагы солкулдаган сулуу кыз болчусуң. Ал кезде мен сенин азыркы жашыңда экемин... Ошондо,”Алтымыш байке, ырларыңызды бериңиз,мен да ырдайын” -дегенсиң.Экинчи жолу "Ысык- Көл 98" аттуу конкурс ыр майрамда көлдөн жолуктук. Жаркылдаган мүнөзүңдү,адамкерчилик сапатыңды дароо жактырып жакшы мамиледе жүрдүк.Алтымыш дүйнөдөн өткөндө ырларын ырчыларга таратып жатканымды угуп, мага да бериңиз, мен да ырдайм деп, эки ырын тандап алгансың. Бири Байдылда Сарногоевдин сөзүнө жазылган "Бере турчу бир тамчы" аттуу ыры, экинчиси менин сөзүмө жазылган "Күн болуп" аттуу ыр эле.Андан бери 15 жыл өтүптүр,ырды жогорку деңгээлде аткарган элең... Мени чыгармачылык концерттеримде, көрсөтүүлөрүмө, жакшылыктарыма катышып булбулдай үнүңдү жаңыртчу элең...Россиядан жайкы эс алууга келгенимде сөзсүз жолугуп, сырдаш да болчубуз...Акыркы жылдары интернет аркылуу эле сүрөттөрдөн көрүшүп, жолугушпай калганбыз...былтыр дал ушул мезгилде сенден ажыраганбыз.

Эх,арман... Элмирка, ажалга айла жок тура...мөлтүрөгөн жаштыгыңа,булбул үндүү талантыңа карабай арабыздан алып кетти... эми жаткан жериң жайлуу болуп,жаның жаннатта болсун. Жагымдуу ырларың жаңырган сайын, жаратканым жан дүйнөңдү тазалап бейишине чыгарсын.

Акак Таиева, ырчы: “Шум ажал сырдашымды алып кетти”

-Элмира эже кайталангыс талант, ичинде кири жок жакшы адам эле. Ал ак көңүл, эркек мүнөз болчу.  Башка аялдардай ушак менен иши жок эле. Жакшылыгы көп адамдын асылы эле. Куудулдугунда чек жок эле. Сүйлөсө адамды өзүнө арбап алчу. Мага сырынын 90 пайызын айтчу. Сырдаш элек, дос элек. Эже-сиңдидей элек. Мен жеңе деп койчумун. Минтип шум ажал сырдашымды алып кеткенине бир жыл болду. Элмира эженин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости