www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Мектепти бүтүп, классташтарымдын теңинен көбү окубай эле Орусияга иштегени кетишти. Негизи биздин айылда жалаң кары-картаң, жаш балдар эле калбаса, ишке жарамдуу адамдардын дээрлик көбү Орусияда иштеп үй-бүлөсүн багышар эле. Мен да алардын сүрү менен Орусияга кетким келди. Ата-энемдин эски үйүн жаңыртып, аларды бутуна тургузам деп ойлодум. Чоң шаар мени оор сыноолор менен сындырарын ал кезде кайдан билиптирмин. Москвага иштегени кетем деген ичимдеги каалоо күндөн-күнгө күчөй берди. Бир күнү апама ичимдеги ойлордун баарын айттым. Атам башында макул болбой жаткан. "Жашсың, алыста жалгыз жүргөнүң болбойт, анын үстүнө Москвада такырбаштар көп экен, сен бирдеме болсоң биз эмне кылабыз?" деп. Үйдө ата-энем экөө тең иштечү эмес, ишенген эки уйубуз бар, ошолорду карашат. 2 иним жана сиңдим мектепте окуйт. Ишенер, таянары мен элем. Шартыбызды айтып көндүргөн апамдын сөзүнө муюп атам акыры мени Орусияга жибергенге макул болду.

Сентябрь айынын аяк ченинде мен Моквага жөнөдүм, мени узатканы келген апам улам поезддеги жүргүнчүлөргө табыштайт. Мени менен бир купеде жаткан эжеге сары май, курут, чөбөгөсүнөн бери берип: "Кызым Москвага жеткиче көз салып турчу, кагылайын, ал жактан таежеси тосуп алат",- деп суранды. Андан соң поезддин коштоочусуна дайындайт. Айтор, мен отурган вагондун тең жарымы мени менен апамды таанып бүтмөй болушту. Ошентип апам менен ыйлап, кучактап жатып коштоштук. Поезд жылгыча акыл-насаатын айтып мени көпкө чачымдан сылап отурду. "Кызым, жаман кыздарга кошулба, акыл-эсиң менен бол",- деп бир нече ирет кайталады. Жүрүп баратып поезддин терезесинен карасам, апам мен жакты карап аптыгып ыйлап туруптур. Апамдын ошол элеси такыр көз алдыман кетпейт. Дал ошол турушун элестетип алып кийин буркурап канча ыйладым. - 4 күн жол жүрүп классташтарым укмуштуудай сүрөттөп, кыялданган Москва шаарына келдим. Ооба, түнү бир да караңгы жери жок жалт-жулт күйгөн жарык шаар, бийик имараттар, кымбат унаалар, шиш така кийген узун бойлуу кыздар, атыры буркураган жигиттер, айтор, айылдан келген кыздын көзү менен башка планетага келгендей эле болгом. Көчөлөрдүн тазалыгы,элдердин маданияттуулугу, көчөдө бири-бирине көңүл бөлбөй эки жакка шашып баскан адамдар көп экен. Айылдын жай, бир кылка жашоосу менен салыштырса айырма асман менен жердей эле. Апам таежеме катуу дайындаган окшобойбу, мени вокзалдан тосуп алды. Шуулдаган, тың таежем 10 жылдан бери Москвада иштеп өзү айткандай “москвичка” болуп калган. Ошол таежем минтип Москвада "местный" болуп мени тосуп алганына кубанып унаада бараттым. Эжемдин батиринен орун-жай алып бат эле азык-түлүк тазалоочу жайга жумушка чыгып кеттим. Апамдар бир уйун сатып акчасын түйүп беришкен эле, ага документтеримди жасатып, калганын таежеме батир акысына төлөдүм. Бир бөлмөдө 10 кыз жашайбыз, ашканада таежем жездем экөө жашашат экен. Башында көпчүлүк менен жашоо оор экени, таежемдин айрым кылыктары билинген эмес. Кийинчерээк баары чыныгы жүзүн көрсөтө башташты. Бөлмөдөгү кыздар ынтымаксыз, тамак жасап муздаткычка салып кетсең ким ачка болсо ошо жеп салып жумуштан чарчап келгенде муздаткычтагы тамагымдын дайынын таппай калган күндөр болуп жатты. Эртең менен, кечинде душка кезек күтүп туруп калабыз. Эжем кечки 10дон кийин ашканага эч кимди киргизбейт экен. Жумуштан кеч келгендер көчөдөн курсактарын тойгузуп келмей. Айтор, мен тезирээк башка батирге чыгып кетүүнү ойлодум. Кудай буйруп метрого да, жумушума да жакын батир таап чыгып кеттим.

Москвадагы жашоом өз нугунда келе жатканда тынчтыкты мен жашаган үйдүн батир ээси бузду. Ал үйүн сатам деп бир күндө чыгып кетишибизди талап кылды. Оокаттарымды көтөрүп алып таежемдикине барсам, ал айылга кетиптир. Жездем көзүн аңтарып: "Таежең болсо деле сени батыра албайт болчу, үйдө кыздар толтура орун жок, эгер кааласаң мени менен ашканага жат",- дебеспи. Уккан кулагыма ишене албай эле эсим оогон бойдон үйдөн чыгып кеттим. Ошол күнү башка үйдүн подъездинде түнөдүм, башка аргам жок эле. Дене боюм калтырап үшүп, көзүмдөн өзүнөн-өзү жаш куюлуп жатты. Ичимде бук толуп кетти, ар нерсени ойлоном, бир туруп ата-энеме таарынам, бир туруп өзүмдү жемелейм. Айтор, көз ирмебей таңды атырып, оокаттарымды подъезддин бир бурчуна таштап коюп жумушума кете бердим. Кечинде келсем сумкаларымды бирөөсү таштандыга ыргытып салганбы же уурдап кеткенби, дайынын таппай калдым. Ошентип үстүмдөгү бир сыйра кийимим менен көчөдө калдым. Көрсө, ал күндөр мага камдалган сыноолордун чети гана болгон тура.

- Москвада баш-аягы 3 жылдай иштедим. Бул арада ата-энем үйүн оңдоп-түзөп, мал- жанын көбөйтүп алышты. Чынын айтсам, акча табам деп жумуш менен үйдүн ортосундагы түз жолдон 3 жылда тажадым. Чоң шаар көзүмө аябай кызыксыз, бири-бирине коёндой окшош өткөргөн күндөрүм супсак болуп жатты. Бир кылка жашоомо өзгөчөлүк киргизгим келди окшойт, бир жолу бөлмөдөгү кыздар болуп эс алууга кыргыздардын жаңы ачылган кафесине барып калдык. Сыра ичип, чылым чегип, көбүрөөк акча таап көөп калган жигиттердин баары ошол жакта экен. Кыз-эркеги дебей мастардын баары ошол жакта экен. Кетели дегениме кыздар көнбөгөн соң жалгыз кафеден чыгып келе жаткам.Алдымдан кафенин күзөтчү жигити чыгып: - Чоң кыз, сиз бийлебейсизби?-деп калды. - Жок, бийлей албайм, эртең жумуш, шашып жаттым эле... - Токтоңуз, чогуу кетели, мен да кезегимди башка күзөтчүгө тапшырдым... Кафенин кузөтчүсү артымдан калбай ээрчип алганынан аны менен метрого чейин чогуу басып келдим. Аты Кубан экен. Москвада жүргөнүнө 5 жыл болуптур. Ошентип Кубан экөөбүз таанышып телефон алмаштык. Ал кетерде: - Сезим, эртең да келчи кафеге? - Кудай сактасын, бул менин акыркы келишим,- дедим да коштошуп өз жолум менен кеттим.

Эртеси Кубан чалып, кооз сөздөрдү шурудай тизип СМС кат жазып жолугушууга чакырды. Биринчи жолугушуу кучак толо сары роза, таттуулар, айтор, баары мен кыялдангандай өттү. Ал менин көңүлүмдү алганды билчү. Экөөбүз күн ара жолугуп, сырдашчу болдук. Кубан аябай тың, адамдын ичи-койнуна кирген жигит эле. Мендей түнт, бир сырдуу кызды сүйдүрүп алуу ага оңойго турган жок болуш керек. Бирок эгер жигит көздөгөн нерсесине жетем десе жетет тура. Мага үйлөнүү тууралуу көп айтып, телефондон апам менен да таанышкан. Мындай мамиледен улам мен экөөбүз баш кошобуз деген ишеним менен жашап калгам. Мен ага катуу көнүп калган элем. Бир жолу ал “чогуу жашайлы, батир акысын өзүм төлөйм, үйдөгүлөр эч нерсе билбей эле койсун баары бир үйлөнөбүз да" деген сунушун киргизди. Мен макул болгон жокмун. Ошондон кийин ал менден алыстап кеткенсиди, аз чалып, аз жазып, жолугушууга да көп убакта чакырчу болду. Мен көпкө жаман болуп жүрдүм, ортобуздагы түшүнүксүз мамиле ары же бери болбой жүрөгүмдү өйкөп жатты. Бир жолу чогуу жашаган кыздар Кубандын башка кыз менен жүргөнүн айтып келишти.Кубандын көзүмө чөп салганын уккандан баштап эч нерсеге көңүлүм чаппай жумушка каалоом жок, үйгө, көчөгө, аялдамага, метрого батпай демим кысылып аны көргүм келип жаттым. Бир күнү кыздар менен ал иштеген кафеге бардык. Мени менен бейтааныш адамдай учурашты. Ичимде болгон нерсени айтып алыш үчүн бир аз эркимди бошотушум керек эле. Ошого сыра ичтим, ооба мас болгончо ичтим. Себеби ичимде өрттөнүп жаткан ызаны басууга, Кубандын чыккынчылыгын жөн гана жутуп коюуга эч алым жетпеди. Ичимдик аны унутканга убактылуу болсо да жардам берип жатты. Ошентип мындай эс алууну адат кылып алдым. Күндө кафе-клубдарга барабыз,сыра ичебиз, жигиттер менен бийлейбиз, сүйүктүүмө өчөшүп кыздык намысымдан да айрылдым. Мындай башаламан жашоо көпкө уланды. Кадимки эс алуу күндөрүнүн биринде эрте менен турсам дене табым көтөрүлүп, бутума тура албай калыптырмын. Басайын десем табарсык тушум ооруксунтуп, бир аз убакыттан кийин жатын кыным лукулдап оорутуп баштады. Тура албай эки күн бою үйдө жаттым. Качан гана жыныстык органым шишип кеткенде дарыгерге барып текшерилсем: "Трипак деген жыныстык ооруну жуктуруп алыпсың, тезинен дарыланбасаң өнөкөт ооруга айланып кетет”,- деп ооруну басуу үчүн дарыларды жазып берген. Ошондон кийин өзүмө келдим. Бирок ошол убакта толук кандуу дарыланбай оорум өнөкөт дартка айланып кетиптир. Мен аны кеч билдим.

Жолдошум ажырашам деп жатат

- Мурункудай иштеп үйгө акча салып,айылга барып инимди үйлөдүк. Москвадагы жашоом тууралуу эч ким билген жок. Болгону ата-энем: "Кызым, бизге кызматты жакшы эле кылдың, эми турмушта өз жолуңду тапсаң болот эле",- деп турмушка чык дегендей белги берип калышты. Чынында ал убакта жигитим деле жок болчу. Кокусунан эле кошуна айылыбызда жашаган мен теңдүү жигит ала качып кетти. Ал жигит мурда үйлөнүп ажырашкан экен, ага карабай ата-энем отургузуп коюшту. Жолдошум намаз окугандыктан мен да жабык кийинип намазга жыгылуу ниетим бар болчу. Чогуу жашаганыбыздан көп өтпөй жолдошум дене табы көтөрүлүп жатып калды. Анда мага такыр жаман нерсе оюма келген жок, суук өтүп калса керек деп ойлогом. Көп өтпөй жолдошумдун жыныстык мүчөсү шишип кетти. Ошондон кийин менде бир жыл мурун болгон оорунун симптомдорун байкап жүрөгүм оозума кептеле түштү. Ооруканага барам деп камынып жатканын көрүп элдин баарына бетим ачылып шермендем чыгат экен деп андан бетер коркуп кеттим. Ошондо анан болгон чындыкты жолдошума айтканга туура келди. Өзүм ичкен дарыларды сатып келип бердим, ошолорду ичип жатат. Менин ыйлап, суранганыма боору ооруп кеттиби, оорусу тууралуу эч кимге ооз ача элек, бирок мени менен сүйлөшпөйт, талагын берип ажырашам деп жатат. А мен курсагымда анын 3 айлык баласын көтөрүп жүрөм. Жолдошум баары бир ажырашам дейт. Менде деле эми кеткенден башка айла калбады. Аны менен өмүр бою тили кыска болуп кантип жашайм? Анын үстүнө ал баары бир дарыгерге барып жакшылап дарыланышы керек да. Анда эле менин шермендем чыкканы турат...

Булак: "Леди кж"

Последние новости