www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңиш күнүн майрамдоодо 3000ден ашуун милиция кызматкери коопсуздукту камсыз кылат, деп билдирди 8-майда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы.

Ошондой эле «Өлбөс полк» жүрүшү учурунда төмөнкүлөргө тыюу салынганы эскертилди:

- дрондорду жана башка учуучу аппараттарды уруксаты жок колдонууга;

- уруксаты жок бийиктиктен тартуу иштерин жүргүзүүгө;

- курал, кооптуу буюмдарды, пиротехниканы алып келүүгө;

- алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө жана алып келүүгө;

- айнек идиштерди колдонууга;

- экстремисттик, чагымчыл жана саясий белгилерди (символика) колдонууга;

- үгүт жүргүзүүгө;

- коомдук тартипти бузган аракеттерге.

«Расмий уруксат бар болгон учурда гана учуучу аппараттарды колдонууга жол берилет. Тартип бузуу фактылары катталса, чара көрүлөт», - деп айтылат билдирүүдө.

Последние новости