www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дайынсыз болуп жаткан өспүрүм Эрланов Эмирлан табылды

Дайынсыз болуп жаткан жашы жете элек өспүрүм Эрланов Эмирлан Эрланович милиция кызматкерлери тарабынан табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.

3-май күнү 2012-жылы туулган Эрланов Эмирлан Эрланович болжол менен саат 16:00 чамасында Сокулук районунун Шопоков шаарындагы Ново-Октябрьская көчөсүндөгү №30 үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. 

Бул факт Сокулук РИИБине катталып, ыкчам издөө иш-чаралары башталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Сокулук РИИБинин кызматкерлери 2026-жылдын 8-май күнү Эрланов Эмирлан Эрлановичти таап, ата-энесинин карамагына өткөрүп беришти.

 

Последние новости