www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы өзүнүн Telegram каналында Чернобыль атомдук электр станциясынын аймагында ири токой өртү чыкканын билдирди.
"Катуу шамалдын айынан өрт аймакка тездик менен жайылып, токой аянттарын каптап жатат. Өрттүн болжолдуу аянты 1100 гектардан ашты", - деп айтылат билдирүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар кызматы өрттүн жайылышын катуу шамал жана кургак аба ырайы татаалдаштырып жатканын баса белгиледи. Куткаруучулар Чернобыль аймагында күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышканы кабарланууда.