www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-майда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысы Дамир Алыбаев, ИИМдин ЖКККББнын башчысы Азенбек Козукеев жана Ички аскерлердин ардагерлер кеңешинин төрагасы Тынычбек Касымбеков, 102 жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Джумашевди Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы менен куттукташты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ардагерге терең урмат көрсөтүлүп, белектер тапшырылды. 

Милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов куттуктоо сөзүндө: “Сиздердин кан майдандагы каармандыгыңыздардын аркасында бүгүн өлкөбүздө тынчтык өкүм сүрүп, асманыбыз ачык болууда. Биздин бейпил жашообуз, элибиздин эркиндиги жана келечек муундун бакубат турмушу - сиздердин эрдигиңиздердин үзүрү. Сиздер көрсөткөн кайраттуулук жана мекенге болгон чексиз берилүү ар бирибиз үчүн түбөлүктүү үлгү болуп кала берет”.

Кылым жашаган согуш ардагери Аспек Жумашев 1924-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кызыл-Бирлик айылында туулган. 1942-жылы 18 жашында Кызыл Армиянын катарына чакырылып, СССРдин Ички иштер эл комиссариатынын темир жол аткычтар полкунда кызмат өтөгөн. Согуштан кийин ар кайсы жооптуу кызматтарда эмгектенип, өлкөнүн өнүгүшүнө да чоң салым кошкон.

Улуу Ата Мекендик согуштагы көрсөткөн эрдиги үчүн “2-даражадагы Ата Мекендик согуш” ордени жана бир катар юбилейлик медалдар менен сыйланган. Бүгүнкү күндө ардагер 8 уул-кыздын атасы, 21 неберенин, 25 чөбөрөнүн жана 1 кыбыранын сүйүктүү чоң атасы.

Последние новости