www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-майда АКИpress агенттигинде Кумтөр кенине арналган маалымат жыйын өттү. Ага легендарлуу парламенттин депутаттары жана Кумтөр кени боюнча алгачкы макулдашууну иликтеген «алтын комиссиянын» мүчөлөрү Рамазан Дырылдаев, Шергазы Мамбетов, Кубанычбек Идинов жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Арсланбек Малиев катышты.

Шергазы Мамбетов «алтын комиссиянын» төрагасы болгонун айтып, Кумтөр кенинин айланасындагы чыр 1992-жылдан башталганын билдирди.

«Алтын комиссиянын» курамына 9 депутат кирген жана комиссия 9 ай иштеген. Ошол учурда Акаев башында турган бийлик акылга сыйгыс саясат жүргүзүп, чет өлкөлүктөр менен рационалдуу эмес, катасы көп макулдашуу түзгөн.

Сынак өткөрбөй туруп ортомчу Борис Берштейн аркылуу Кумтөрдү «Комекого» беришкен. Мындай чоң кенде казылган бардык металлдар бөлүштүрүлүш керек болчу. Ал жакта көптөгөн баалуу металлдар, изилдөөгө караганда платинанын дагы кору бар болчу.

Бирок биздин жетекчилер алтынды гана бөлүштүрүү жөнүндө макулдашышкан. Кийинчерээк биздин чакырылышты ушул алтынга байланыштуу таркатышканын билдик. Соңку макулдашуу түзүлүп жатканда комиссиянын мүчөлөрүн чакырышкан. Биз келишимдеги каталарды көрсөтүп бергенбиз.

Бирок ошол кездеги премьер-министр Жумалиев унчуккан эмес. Бул келишим Акаевдин көрсөтмөсү менен түзүлгөнүн айгинелейт. Комиссия мүчөлөрү Акаевге туура эмес кылып жатканын айтканбыз. Башкы прокурордун орун басарынын жетекчилиги астында комиссия түзүп, келишимди түзгөн адамдарга юридикалык баа берүүнү сунуштаганбыз.

Бирок Акаев кеңешчилеринин көрсөтмөсү менен депутаттарды сессияга катыштырбай, парламентти таркатып жиберген. Ошол учурда Ошто 200 депутат жүргөн. Акаев аэропорттон самолет учурууга тыюу салып койгон», - деди Мамбетов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости