www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Юстиция министри Асел Чынбаева Венгриянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Шандор Дороги менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошону менен бирге Асел Чынбаева Венгриянын элчисине Юстиция министрлигинде президенттин 2021-жылдын 8-февралындагы №26 жарлыгына ылайык, мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө маалымат берди.

Элчи Дороги Венгрияда жаңы Конституция кабыл алынгандыктан, Венгриянын мыйзамдарын да жаңы Конституцияга ылайык келтирүү боюнча иштер жүргүзүлгөнүн айтып берди.

Элчи Юстиция министрлиги менен Венгриянын Юстиция министрлигинин ортосунда өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча кызматташуу маселесин караштырууну сунуштады.

Чынбаева жолугушуу үчүн ыраазычылыгын айтты жана эки өлкөнүн Юстиция министрликтеринин ортосунда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө ишенимин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости