www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда учурда социалдык тармактарда актар менен каралар согушу күч алып, социалдык тармактын бетинде айрым обу жоктор оозуна келгенди оттоп, каалаганын калчап жатышат.
Алардын алдыңкы катарында, кызуу талкуу жаратып, элди кыжырданткандардын бири, “президентмин”, "Кудаймын" деп тааныткысы келген Арстан Алай. Ал Кой-Ташта ызы-чууда жүргөн саясатчы Равшан Жээнбековдун телекомпаниясында иштеп, телекөрүүчүлөргө өзүн Кудаймын деп ишендирүүдө.
Учурда бул "Кудай" социалдык тармакта катуу талкууга алынып жатат. Ал өзүн Кудайга теңесе, анын шакирттери президентке чейин асыла баштады.
Баса, ушул жылы кышында Ак үйдүн астына чыгып коркпой түкүргөн жигит эсиңиздердеби? Ошол жигит Тоң районунун тургуну Рамис Закирияев деген болуп чыккан. Түкүргөнгө каршы мыйзам чыкканда ал Ак үйдүн алдына барып, 5000 сом акчасын таштап, түкүрүп белгилүү болгон.
Ошол жигит Арстан Алай Абдылдаевдин сабагын интернеттен көрүп, Арстан Алай менен бетме-бет көрүшүп, жолугуу үчүн келип, "бекем кол кармашып" сүрөткө түшкөн. Ал сүрөт социалдык тармактарда талкуу болуп, бир топ ызы-чуу жаратты...
Негизинен Арстан Алай, саясатчы Равшан Жээнбековдун телекомпаниясында иштейт. Равшан мырзага “Сиз Атамбаевге колдоо көрсөтүңүз, ал кайра президент болот”, деген Арстан Алай космостогу адамдарына буйрук берсе, алар "Кудайдын" буйругун аткарбай коюп, Атамбаев камалып калган жокпу?..
Булак: NazarNews.kg