www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто айрым жарандар ТикТок социалдык тармагын жабуу сунушун көтөрүүдө.

Алардын айтымында, акыркы учурда ТикТокто уят видеолор, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн сөгүнгөн видеолору көп тарай баштаган.

Социалдык тармактын колдонуучу Атакул Жалилов «ТикТок жабылсын. Балдарыбызды бир балээден аман алып калалы» деп жазган.

Дагы бир колдонуучу Абай Большевиков «Арсыздык, намыссыздык, «Тик ток» жабылсын» деп билдирүү калтырган.

Жогорудагыдай билдирүүлөргө ондогон колдонуучулар комментарий жазып, айрымдары аталган социалдык тармактын жабылганы туура болорун белгилешсе, айрымдары ага каршы болуп чыгышты.

Бир нече күн мурун бир катар эл аралык басма сөз каражаттары коңшу Өзбекстан өз аймагында Твиттер, ТикТок, В контакте, социалдык тармактарынын ишине чектөө койгонун жазып чыккан. Андагы маалыматка караганда, Өзбекстандын көзөмөл органы аталган социалдык тармактар жеке маалыматтар боюнча мыйзамды бузгандыгы үчүн ишине чектөө коюлгандыгын билдиришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости