www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаада 1-апрелден тарта бардык класстын окуучулары мектепке барып келип окуй баштайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Артем Новиков кеңешмеде айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мектептеги билим берүү маселелерине арналган жыйын бүгүн өткөн.

Новиков 9-марттан тарта 2, 3, 4-класстын окуучулары офлайн режимге өтөрүн эске салып, апрелден тарта окуучулар толугу менен кадимки тартипте окуй баштаарын айтты.

«Мында 2021-жылдын 1-сентябрына чейин ата-энелерден бирдиктүү форма талап кылынбайт. Окуу процессин жандантууга тиешелүү даярдык көрүү Билим берүү жаена илим министрлигине, жергиликтүү бийлик органдарына, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жүктөлөт. Мындан тышкары, «мектеп медицинасы» ишке кирип, ар бир окуучуга ден соолугунун абалын каттаган карта ачылат», — деди Новиков.

Эске салсак, ушу тапта 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары гана мектепке барып келип окуп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости