www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков мектептерде билим берүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Артём Новиков белгилегендей, 9-марттан баштап Бишкекте 2-3-4-класстардын окуучулары үчүн окуу процесси офлайн режиминде, 1-апрелден баштап өлкө боюнча бардык класстарга салттуу түрдө окуу башталат.

«Ошону менен катар белгилей кетүүчү нерсе, мектептер ата-энелерден окуу китептерин сатып алууну жана 2021-жылдын 1-сентябрына чейин атайын мектеп формасын кийүүнү талап кылышпайт. Билим берүү жана илим министрлиги, жергиликтүү бийлик органдары, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги окуу процесстерин толук кандуу жандандырууга даярдыктарды камсыздоосу зарыл. Мындан тышкары «мектеп» медицинасын ишке киргизүү боюнча иштер жүрүүдө, ар бир окуучунун саламаттык картасы түзүлөт», - деди Артем Новиков.

Кеңешменин жүрүшүндө ошондой эле, мектеп программасынын жаңы концепциясын иштеп чыгуу маселеси талкууланды, мында табигый илим сабактарына артыкчылык берилет, ошондой эле бала бакчадан, мектептен баштап андан жогору карай билим берүү процессинин бирдиктүү үзгүлтүксүз ырааттуулугу калыбына келтирилет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости