www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аргентинадагы Роке-Перес шаарынын мэри Хуан Карлос Гаспарини коронавируска каршы эмдөөгө Орусиянын президенти Владимир Путиндин сүрөтү менен келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, мэр мындай кадамы менен Аргентина элин сактап калгандыгы үчүн Путинге ыраазычылык билдирерин көрсөткүсү келген.

"Мен Путиндин Аргентина эли үчүн кылган жакшылыктары үчүн ыраазычылык билдиргим келди. Орусиянын SPUTNIK V вакцинасы миңдеген биздин жарандарыбыздын өмүрүн сактап калды. Орус элинин колунан эмнелер келерин, алар илим чөйрөсүндө бир топ алдыга кеткенин ар бир билимдүү адам билет деп ойлойм", - деп билдирген Гаспарини.

Аргентина Латын Америка өлкөлөрүнүн ичинен эң алгачкы болуп орус вакцинасын расмий каттоого алган. Учурда аталган өлкөдө коронавируска каршы массалык эмдөө жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости