www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаменти эр жүрөк, башкалар үчүн өзүн курмандыкка чалууга даяр 14 лидер аялга «Каарман айым» сыйлыгын ыйгарды.

Алардын катарында Беларус, Иран, Ооганстан баштаган бир катар мамлекеттердин жарандары бар.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен абройлуу бул сыйлыкты 8-мартта тапшырмакчы.

Бул ирет ал наамга башкалардын катарында беларус оппозициясынын лидерлеринин бири Мария Колесникова жана Иранда исламга ылайык кийинип жүрүү эрежелерин бузганы үчүн чет жакта бозгунда жүргөн шахмат калысы Шохре Баят да татыды.

Ошондой эле, мамлекеттик департамент жарыялаган билдирүүгө ылайык быйыл «Каарман айым» сыйлыгы коомго кызмат көрсөтүп жатканда өлтүрүлгөн ооганстандык аялдар тобуна ыйгарылды, алардын катарында 7 аял бар.

Белгилей кетчү жагдай, 15 жыл мурда негизделген бул сыйлык жыл сайын «тынчтык, адилеттүүлүк, адам укуктары, гендердик теңчилик, аялдардын мүмкүнчүлүктөрү үчүн эр жүрөктүүлүк менен күрөшкөн, көп учурда бул үчүн өз өмүрүн тобокелчиликке салган» дүйнө аялдарына ыйгарылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости