www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Cот бийлиги улуттар аралык ынтымакты, тынчтыкты жана Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөөдө маанилүү курал болуп саналат. Бул тууралуу кечээ, 5-мартта президент Садыр Жапаров сот системасынын кызматкерлери менен жолугуп жатып билдирди.

Бүгүн Кыргызстанда Сот системасынын кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленип жатат.

Иш-чаранын катышуучуларына кайрылган мамлекет башчысы соттор менчиктин бардык түрлөрүн, жарандардын, ишкерликтин субъекттеринин жана юридикалык жактардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын эффективдүү корголушун камсыз кылууга милдеттүү болсо, иш жүзүндө башкача болуп жатканын баса белгиледи.

«Кыргыз сот адилеттигинин жаргылчагына түшүп, андан реалдуу түрдө чыгып кетүү — бул чындыктан жомокко киргенге эсе. Муну мен ошол жаргылчактын бүт оорчулуктарын өзүмдүн жон терим менен сезип, башыман өткөргөн адам катары айта алам. Буга дагы мисал катарында мурунку жана 2020-жылдын октябрындагы элдик толкундоолорду келтирсе болот, анткени алдамчылык жана фальсификация жолу менен чыгарылган шайлоонун жыйынтыктары болобу же мамлекеттик, алардын ичинде сот органдарынын чечимдери болобу жалпы кыргыз элибиз андайларды кабыл албай, дайыма каршы чыгып келген. Ошондуктан бүгүн 30 жылдан бери ар кандай соттук-укуктук реформалар жасалып келсе дагы, биздин сот жана укук коргоо системаларыбыз өздөрүнүн эң негизги болгон — мыйзамдуулукту сактоо жана бузулган укуктарды калыбына келтирүү милдеттерин так аткарбай келет деп биз ачык айтышыбыз керек. Ошондой эле эл аралык коомчулук, сырткы жана ички инвесторлор республиканын укуктук системасын менчикти жана бузулган укуктарды толук кандуу коргоп бере албаган система катарында кабыл алганын биз мойнубузга алышыбыз керек», - деди президент.

Садыр Жапаров коомдун аң-сезиминде мамлекеттик укук коргоо жана сот тутумдарына карата терс мамилени жараткан сот адилеттигинин актуалдуу көйгөйлөрүнө да токтолду.

Анын айтымында, акыркы жылдардагы саясий оппозияциянын мүчөлөрүнө, массалык маалымат каражаттарына, журналисттерге, жада калса бийлик жөнүндө сын айткан карапайым жарандарыбызга карата жүргүзүлгөн сот процесстери дагы коомдун көңүл борборунда болду. Бул жерде коомчулук тарабынан: сот тутуму ар кандай саясий топтордун куралына айланып калгандыгы, укук коргоо органдары менен соттордун коррупциялашкандыгы, коррупция менен күрөшүү боюнча чаралар координацияланбагандыгы, жоопкерчиликке тартылып жаткан коррупционерлер менен бийлик ортосунда макулдашуулар жүргөндүгү тууралуу бийликке, анын ичинде сот органдарына карата жагымсыз тыянактар чыгарылып жатканын эске алуу абзел.

«Сот бийлигинде болгон көйгөйлөр түз же кыйыр түрдө коомдун бардык – саясий, экономикалык, социалдык аймактарын камтыйт. Судьялардын колунда мыйзам реалдуу күчкө ээ болот жана адамдардын тагдырларына гана эмес, көп учурларда жалпы коом жана мамлекетке дагы таасир этүүчү куралга айланат», - деди Садыр Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости