www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажик тарап 16-сентябрда Баткен чек ара отрядынын “Тамдык” чек ара заставасын артиллериялык куралдардан аткылап, кол салган. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Чек ара заставасынын башчысы өз өмүрүн кыйып, заставанын өздүк курамына үстөмдүк кылган бийиктикке чыгууга мүмкүнчүлүк берген. Ошондой эле аскер кызматкерлерине душмандын күчтөрүнүн үстөмдүгүнө карабай салгылашып, андан соң маневр жасоого мүмкүнчүлүк берген.

Массалык аткылоонун натыйжасына “Тамдык” чек ара заставасынын бардык инфраструктурасы талкаланган. Тажик тарап заставанын аймагын тазалоого аракет кылган.

КР УКМКнын Чек ара кызматына Тажикстандын жарандарынын “Тамдык” чек ара заставасынын аймагында жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшөрү менен тиешелүү чаралар көрүлүп, натыйжада Тажикстандын жарандары заставанын аймагынан чыгарылган.

Учурда чек ара заставанын аймагы Кыргызстандын көзөмөлүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости