www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оппозиция Садыр Жапаровду элди бөлбөөгө чакырды

Кыргызстандын бириккен оппозициялык кыймылынын өкүлдөрү президент Садыр Жапаровдун маегине комментарий беришти.

Саясатчылар "Эркиндик духунда тарбияланган, мамлекетибиздин бүтүндүгүнүн, эгемендүүлүгүнүн баасын түшүнгөн эл ошол баалулук үчүн күрөшкө даяр экенин көрсөттү" деп белгилешти.

Оппозиция мүчөлөрү кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү жана саясий күчтөр көз карашы жана позициясы ар түрдүү болгонуна карабай мамлекет башчысын колдой турганын билдиришити.

— Өлкө үчүн ушундай оор кырдаалда элиңерди жек көрбөгүлө, жаман-жакшы деп бөлбөгүлө, митингге катышкандар менен катышпагандарды бөлбөгүлө, баарыбызды бириктиргиле. Учурдагы кырдаалда мамлекет башчы элди бириктирип, бардык саясий күчтөрдү биримдикке, диалогго алып барууга милдеттүү, — деп белгилешти оппозициялык кыймылдын өкүлдөрү.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасында жаңжал жүрүп жаткан учурда Бишкекте "Ак үйдүн" жанында митингдин катышуучуларын жалган патриоттор деп атаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости