www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Алымкадыр Бейшеналиев күнөөсү болгон үчүн үй камагына чыкты», - деди бүгүн, 20-июнда NazarNews маалымат агенттигине генерал Артур Медетбеков.

- Артур мырза, Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыкты. Анын мыйзамсыз иштери үчүн камакка алдырган Башкы прокурор Курманкул Зулушев да өз кызматын аткарууга киришти. Ошондо кимиси күнөөлүү болду?

- Алымкадыр Бейшеналиев күнөөсү болгон үчүн үй камагына чыкты. Эгер анын күнөөсү жок болсо, Курманкул Зулушев өз кызматына келбейт болчу. Эми прокуратура тармагы Алымкадыр Бейшеналиевдин күнөөсүн далилдеп, тергөөдө мыйзамсыз иштерин аныктап берсе, сот ошого жараша   чечим чыгарат.

- Бирок, сот адилет чечим чыгарат деп ишенсек болобу?

- Туура, Кыргызстанда акыркы мезгилде түрдүү окуялар болуп кетип жатат. Айтайын дегеним, кээде күнөөлүү делгендер акталып, шектүүлөр же күбөлөр күнөөлүү болуп калган учурлар бар. Ошон үчүн тергөө иштериндеги далилденген, такталган тыянактарды күтүп туралы.  Сот ошого жараша чечим чыгарат деп. Соттун чечиминен кийин баары билинет.

Эске салсак, 16-июнда камактагы Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыгарылып, ал эми ишинен убактылуу четтетилген баш прокурор Курманкул Зулушев кайра кызматына кайтып келди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости