www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы алдамчылык жана банк ишмердүүлүгүнө байланыштуу документти жасалмалоо фактысы боюнча кылмыш ишин тергеп жатат.

2020-жылдын 2-ноябрында Ысык-Ата РИИБге «Эсептешүү-сактык компаниясы» ААКтын өкүлү Э.И. кайрылган. Анын айтымында, 2020-жылы 10-февраль күнү бейтааныш адам А.К. аттуу жарандын паспортун колдонуп, депозиттик эсептен 350 миң сом алып, эртеси дагы 3 млн 845 миң сом алган.

Шектүү паспортко өзүнүн сүрөтүн чаптап алган болчу. Анын кесепетинен 4 млн 195 миң сом материалдык зыян келтирилген. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2022-жылдын 18-июнунда Чүй ОИИББдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 3 адам кармалды.

Алар:

- А.А. - 1996-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну, 

- О.З. - 1996-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну,

- Э.А. - 1997-жылы туулган, мурда аталган банктын филиалында иштеген.

Кармалган жарандар Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости