www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арзыбек Кожошев:

Маектешим Арзыбек Кожошевдун пикиринде, ишкерликке каралган 14 млрд. сом кризисти жоюуда аздык кылат. Мындан улам, ал ишкерлердин насыя төлөө мөөнөтүн узартып, акча бөлүүдө анын пайыздык үстөгүн жеңилдетүү маанилүү экенине токтолду. 

-- Экономикалык кризистен кийин төлөмдөрдү чогултуу кандай жүрүп жатат? 

-- Бул азыр өтө татаал маселе. Анткени, бир эле Кыргызстанда эмес, баардык өлкөлөрдө кооптуу мезгил болуп жатат. Салык, бажы төлөмдөрү аз чогулду.  Мындан улам, бүт мамлекеттер өздөрүнүн бюджеттерин кайрадан карап чыкты. Анда 30 млрд. сомдун тегерегинде каражат түшпөй турганы белгилүү болгон. Буга ылайык республикалык бюджеттен 10 млрд., жергиликтүүдөн 1,5 млрд. кыскартылды. Жети айдын жыйынтыгы боюнча салык жана бажы кызматкерлери планды актарган жок. Бирок, өкмөт абалдан чыгуу үчүн колдон келген аракетти жасоодо. 

-- Кандай аракеттер туурасында сөз болуп жатат? 

-- Өкмөт тарабынан ишкерликти колдоого 14 млрд. сом каралды. Акча банк аркылуу таркатылат. Эгерде каражат максаттуу таратылса, бул өндүрүшкө чоң жардам болуп бере алат. Албетте, бул аз, менимче, кийинки жылы бул жөрөлгө улантылат.  

-- “Кыргыз-Орус” өнүктүрүү фонду аркылуу жеке секторду каржылоо аракети кайсы этапка жетти? 

-- Өзүңүздөр билгендей, аталган фонддо 500 млн. доллар бар болчу. Бүгүнкү күнгө чейин анын 300 миллиондон ашыгы колдонулду. Бирок, кыйын учурда  өндүрүштү каржылоо тапшырмасы аларга да берилген. Ал кыска убакытта эле ишке ашып калбайт, анын өзүнүн тартиби бар. Ишкерлердин негизги кризиси алган насыяларды кайтарууда болуп жаткандыктан, кредитти төлөө мөөнөтүн узартуу жана каралып жаткан 14 млрд. сомдун пайыздык ченемин 8-10 пайыздан ашырбоо зарыл. 

Булак: "Азия Ньюс"

Последние новости