www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык соту 20-августта Улуттук тарых музейи жана Чолпон-Атадагы ипподромдун курулушу боюнча аппеляциялык арызды аралыктан карап, Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу айыпталып жаткандардын бири, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Бакытбек Автандил уулу "Азаттыкка" билдирди.

Айыпталып жаткандардын аппеляциялык арызы 18-августта онлайн карала баштаган. 19-августта сотко аралыктан катышкан айыпталуучулардын бири Сапар Исаков сөз сүйлөп, өзүнө жана президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаевага музей иши боюнча ойдон чыгарылган айыптар тагылганын айтты. Башка иштер боюнча да өзүнүн күнөөсү жок экенине токтолуп, журналисттерден чуулгандуу Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ), ипподром, музей иши боюнча иликтөө жүргүзүп, ким туура, ким күнөөлүү экенин коомчулукка жеткирип берүүнү суранган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости