www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузак районунун аймагында «Тилемчи» аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу   Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Сузак районунун аймагында райондук ИИБнин жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, балдарды коргоо бөлүмү менен биргеликте жашы жете электердин арасында жайкы эс алуу учурунда кылмыштуулуктун алдын алууда жана селсаяктык, тилемчилик менен алектенишин болтурбоо максатында «Тилемчилик» аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Сузак районунун тургуну 1987-ж.т. Н.М. арызы боюнча, 2020-жылдын 17-августунан бери үйүнөн чыгып кеткен жашы жете элек 3 баласы көчөдө тилемчилик кылып жүргөн жеринен РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери  тарабынан табылып,  ата-энесине өткөрүлүп берилди. Ошону менен катар бул үй-бүлөнүн абалы боюнча райондук социалдык жактан коргоо мекемесине балдарына жардам алуу боюнча сунуш жөнөтүлдү.

Сузак РИИБдин кызматкерлери тарабынан бул багытта алдын алуу жана түшндүрүү иштери дагы да болсо үзгүлтүксүз жүргүзүлө бермекчи. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости