www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пиардын үстүнөн түшпөй аткан Икрам Илмияновдун экс-шоопуру Каныбек Туманбаев маалымат каражаттарынан көрүнбөй калды. Себеби эмнеде билесиңерби? Жөнөкөй эле. Жакында Икрам Илмиянов түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошоп чыкпадыбы. Экөө байлыктары боюнча териштирип жатышы мүмкүн.
Буга чейин шефи бизнестерин, миллиондорун Каныбек Туманбаевге каттырганы каңкууланып келген. Сыягы, экөө көшөгө артынан эсептешип, чечише албай аткан суроолору бар беле? Эмнеси болсо да байлыктарын ачыктап, киреше булактарын көрсөтүп коюшпайбы? А болбосо “Мыйзамсыз баюу” беренеси көтөрүлсө кантишет?
Айтор, жакында көп нерсе ачыкка чыкчудай... Айтмакчы, соцтармакта Каныбек Туманбаевди өзүнүн жердеши айыбын чыгарып койсо, ага кордук көрсөтүп атканы айтылууда. Журналисттерге күч колдоно баштаганбы? Саясатка аттанган адам сын-пикирди көтөрө билип, ага карата кемчиликтерин оңдосо гана өсөт, болбосо аңга барып мурду менен тыгылат!
Булак: "Азия Ньюс"