www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров акыркы жумада ар кандай себептер менен сууга чөгүп кеткен жарандардын саны кескин өскөнүн белгилеп, жарандарга кайрылуу жасаган.

"Мага социалдык баракчалар аркылуу жарандардан суроо, ой-пикир жана сунуштар келип турат. Мен аларга убак-убагы менен жооп берүүдөмүн. 18-август күнү 5 жашар бөбөктүн денесин таап, ата-энесине өткөрүп бердик. Бүгүн да издөө иштеринде 13 жашар өспүрүмдүн денеси табылды. Суук кабарды укканда айла жок жүрөгүбүз ооруган бойдон калдык. Ата-энесине көңүл айтабыз.

Мындай кырсыктарды болтурбай коюуга болот. Анүчүн ар бирибиз коопсуздук эрежелерди сактап, балдарды кароосуз калтырбай, сууга түшкөнгө ыңгайлаштырылбаган объектилерде, мисалы: көлмө, суу сактагыч, дарыя бойлорунда сууга түшпөөнү жана сак болууңуздарды суранам. Суудагы кырсыктардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер күчөтүлдү" деп жазылган билдирүүдө.

Булак: Азия Ньюс

Последние новости