www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талапкерлиги өкмөт башчылыкка сунушталып жаткан Улукбек Марипов Аскарбек Шадиевдин өкүл баласы эмес. Бул тууралуу анын атасы Асамидин Марипов маалымат булактарына билдирген.
Буга чейин айрым ЖМКлар Аскарбек Шадиев Улукбек Мариповдун өкүл атасы экенин жазып чыгышкан.
--"Улукбек Аскарбек Шадиевдин өкүл баласы эмес. Болгону экөө бир кызматта чогуу иштешкен. Ноокатта мурда "өкүл ата" деген түшүнүк жок болчу. Ал кийин эле чыкты го. Уулумдун өкүл атасы жок", - деди Марипов.
Белгилей кетсек, экс-депутат Аскарбек Шадиев ушул тапта издөөдө. Кылмыш ишин козгоого ЖКнын Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закировдун 2 миллион сомду ыйгарып алуусу себеп болгон. Катка комитеттин төрагасы Шадиев кол коюп берген. Мүлкү камакка алынып, кийин депутаттык мандатынан жарытылган.
Булак: NazarNews.kg