www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиӊирген ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор Асан Ормушев Улуттук илимдер академиясында «Тарых» адистиги боюнча корреспондент-мүчөлүккө шайлоонун экинчи туру адилетсиз өткөнүн белгилеп, нааразычылыгын билдирди.
Анын айтымында, экинчи турда аны менен кошо талапкер болгон тарых илимдеринин доктору, профессор Чолпон Койчуманова шайлоодо добуш бере турган коомдук илимдердин академиктерине жана корреспондент-мүчөлөрүнө «7 илимдин кандидатын даярдагам» деген жалган маалымат айткан. Бул маалымат Академиянын сайтына илинген жана шайлоочуларга диск аркылуу таратылып берилген.
Ошондой эле Ормушев Койчуманованын илимпоз катары бир да илимдин кандидатын даярдап, коргоодон өткөрбөгөнүн айтат. Мындан сырткары ал «Тарых» адистиги боюнча корреспондент-мүчөлүккө талапкерлердин экинчи турунун жыйынтыгын, Койчуманованы корреспондент-мүчөлүккө өтүшүн жокко чыгарууну суранып, Улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Жуматаевге арыз менен кайрылган.
Белгилей кетсек, Чолпон Койчуманова Улуттук илимдер академиясынын Президиум аппаратында Эл аралык кызматташуу жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Кандидаттык даражасын юридика илими боюнча, ал эми докторлук даражасын тарых илими боюнча жактаган. «Борбордук Азиядагы гуманитардык иликтөө борбору» коомдук бирикмесине директор болгон (бирикме кийинчерээк жоюлуп кеткен). Андан кийин «Тарыхый жана социалдык иликтөө борбору» коомдук бирикмесин негиздеген.
Дагы бир белгилеп кете турган жагдай, Чолпон Койчуманова ушул жылдын 5-майында Президент Садыр Жапаров кол койгон жаңы Башмыйзамды даярдаган Конституциялык кеңешменин мүчөсү болгон.
Булак: NazarNews.kg