www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров бийликке келээри менен, Коргоо министирлигин калыбына келтирип, бир катар жоюлуп кеткен мамлекеттин түркүктөрүн тургузуу менен алек. Мындай пикирин жарандык активист Жумаалы Калдыбай уулу өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

"Өсөйүн десе бир кыргыз,

Өлүп эле кетет миң кыргыз.

Өзүңдү өзүң өлтүрсөң,

Өстүрөт сени ким кыргыз?

Эмнеге Садыр Жапаров мынтпейт? Эмнеге мынтип коёт? Эмнеге? Эмнеге?  Эмнеге?

Австралиянын түштүк чыгыш тарабында Тасмания деген арал бар. Ал аралда, Тасман шайтаны (Тасманский дьявол) деген келемиш чычкандар түрү жашайт. Окумуштуулар алардын акыркы учурда аябай аздап, жок болуп кетүү коркунучуна келгенин баамдашат. Акыры ойлонушуп, кенен Австралия континентине коё берели, ал жакта жер кенен, көбөйүп кетишээр дешип Австралияга коё беришет. Кызыктын баары ошондо башталат. Келемиштер көбөйөт, бирок Австралия жаратылышына чоң сокку болот. Канаттуулардын саны азая баштайт. Көрсө келемиштер, жумуртканы жумурткадай, балапанды балапандай кырып салышыптыр. Керек болсо учпаган куштар түрүн, чоң кичинесине карабай өлтүрүшөт экен. Окумуштуулар ошондо башын мыкчып, өзүнө керексиз болуп калган нерсени табият көрсө өзү жок кылат тура. Биз табиятка каршы иштептирбиз деген жыйынтыкка келишиптир.

Муну менен эмне айткым келди? Табият өзүнө ашыкча болуп калган жаныбарларды эле эмес, далай калайыктарды, үлкөн өлкөлөрдү жок кылган. Ал эми кайсыл бир учурда жашай турганы тагдырына жазылган коомдорду жана өлкөлөрдү эбепке себеп кылып сактап коёт экен.

Аны тарыхтан бир карайлы. Темирлан (Аксак Темир) астынан чыккан элдерди багынткан. Багынбаганын аёосуз кырган. Ал, жаңы түптөлүп келе жаткан Осмон мамлекетине согуш ачып, Султан Байезетти туткундап, бирок канчалык мүмкүн болуп турса да элин кырбай, Осмондорго эгемендик берип чыгып кеткен. Бул Жараткандын жазмышы менен Осмон мамлекети дүйнөдөгү эң чоң мамлекетке айланып, дүйнөнү 600 жыл кармады. Темирлан, Орус элин кырып, Москваны өрттөөгө баратып, жолдон белгисиз себептен эле кайтып кеткен дешет. Кытайды чабам деп баратып, жолдо дүйнө менен кош айтышкан. Сабак; Жараткан бир Темирландын колунан үч келечектеги державаны сактап койгону ачык көрүнүп турат. Жер бетинде бузукулук жасап, табийгаттын каарына калбайлы!

Эми Кыргыз мамлекети жөнүндө. СССРден эгемен алган, чакан, кедей, кызыл желектүү эгемен өлкө деп биздин мээбизге сиңирип салышты. Бирок бизди, Хундардын жана Кыргыз Каганатынын мураскерлери. Талаа ээлери, эң байыркы эл деп эч ким ооз ачкысы келбейт. Биз болсо ынтымагыбыз ыдырап, ызылдайбыз да турабыз. Эмнеге мынтпей койду? Эмнеге? Эмнеге? Эмнеге?  2010-жылдан бээри КРнын эгемендүүлүгүн четинен кертишти. Оруска байлап берүү саясаты катуу жүрдү. Мамлекеттик чоң мүлктөрдү четинен карматып, Коргоо министирлиги сыяктуу мамлкеттин эгемендүүлүгүнүн гаранты болгон структураларды атайылап жоюшту.

4-октябрдан шайлоодон кийин, мамлекетти Кытайга болгон карызын төлөй албайт, ага биз жардам беребиз деген шылтоо менен, бир топ маанилүү объектилерди бир өлкөгө берүү саясаты башталып калган эле. Кээ бир Аманкулов сыяктуу саткандар, уялбай эле, биз үйүбүзгө кайтабыз деп ыржактай баштаган. Бирок Кудайдын буйругу экен ал тилектерин таш капты.

Садыр Жапаров бийликке келээри менен, Коргоо министирлигин калыбына келтирип, бир катар жоюлуп кеткен мамлекеттин түркүктөрүн тургузуу менен алек.

Карызды мага койгула, мен жолун таап төлөймүн деп жатат. Жапаров иштебей эмне кылып жатат? Деген кээ бир сабырсыз туугандарыма айтат элем. Жапаров, ички өз уул кызыңын колу менен талкаланып бараткан өлкөнү тургузуу менен алек. Албетте башка да Ташиев сыяктуу агаларын да эмгеги бар. Ушуну көрбөй, көрсөң көрмөксөн, билсең билмексен болуп, каразгөйлүк менен беттен алып жаткандарга Кудайым ынсап берсин! 

Эми жигитти өлтүрсөң да анын эмгегин жебе дейт. Ал жигит Сооронбай Жээнбеков.

Революциядан кийин, эч жака кетпейсиң, биз баштаган ишти аягына чыгарып кет! Болбосо бизге ылайыктуураак бирөөгө бийликти берип кетесиң! Деген бирөөнүн коңгуроосуна карабай, элим тынч болсун деп эл талабына макул болуп, эл көрсөткөн адамга бийликти берип салып, эл арасын тандап калган агабыздын эмгегин, эл билбесе да мен билдим. Рахмат. Эми кылган жаман иши болсо учуру келсе чыгаар. Бирок ага чейин бир чоң жакшы ишин айтып койсом ашыкча болбос.

(Жеке пикирим).

Ушунча чаташкан иштерде да эбепке себеп болуп, Кыргыз мамлекети сакталып, керек болсо өз оордун күн санап бекемдеп жатканы мени өтө кубандырат. Демек, келечекте гүлдөгөн чоң мамлекет болоорубузга ишенимим артып барат. Жогоруда тарыхтарда белгилеп кеткендей, кыйроо алдынан кутулуп кеткен чоң державалардай.

Биз да тарыхтарда калгандай, үзүлөөр кезде уланып, чачылаар кезде жыйналып жатабыз ушул тапта. Тарых десе, Кыргыз каганаты жөнүндө айтып кетпесем болбойт. Уйгур каганатына караган, чакан кыргыз эли, өз эгемендүүлүгү үчүн тынбай согушуп жүрүп, акыры Уйгурларды талкалап, өз аймагында зор, теңдешсиз Мамлекет курушат. Ошол кездеги Кытай императору кыргыз каганына мындайча кат жазат: Урматтуу каган! Мен сизди өзүмө теңдеш император катары тааныдым, жеңишиңиз кут болсун. Эми уйгурларды бүт кырып салууңузду суранам. Дейт.

Ага кагандын жообу:

Биздин салтта жыгылганды теппейт. Аларды кырбайм, элимдин арасында тынч жашоосун кыла берсин деген тура кайран, сай ташына зыяны жок кыргызың. Бүгүнкү күндө тарыхчылар, Ошол Кыргыз каганаты адамзат тарыхындагы эң тынчтыкты камсыз кылган чоң өлкө деп таанышууда. Канчалык күчкө ээ болсо да, бирөөнү бей күнөө чаппаптыр. Эгин эгип, темир иштетип, Кытайдан келген кербендерди Батышка узатып, Батыштан келген кербенди Кытайга узатып, Улуу-Жибек жолунун коргоочулары болгон тура. Кызыгы, Кыргыз каганатын айрым тарыхтарда айтылгандай бирөө чаап талкалабаган экен. Аймагындагы өтө көп жылга созулган кургакчылык, экономикалык жактан алсыратып, акыры калкы жакшы жер издеп көчүп тарап кеткен экен.

Акыркы мамлекетинин калдыгы Чыңгыз хандын дооруна чейин жашаптыр. Эми дүйнөгө тынчтыктын жарчылары болуп таанылган кыргыздарыма Кудай таалам дагы бир мүмкүнчүлүк берип, ушундай чалкеч замандын жарк этип жанган жылдызы болоору алыс эместир. Манас атабыздын Көк асабасын көтөрөөр күн алыс эместир. Ал үчүн ынтымак керектир. Жабыла көтөргөн жүк жеңил дейт элибиз.  Жабыла көтөрөлү, жабыла окуйлу, балдарыбызды ошол улуу күнгө ылайык тарбиялайлы.

Ынтымак болсо ырыс бар,

Ырыс бар жерде жылыш бар!", - деп белгилеген Жумаалы Калдабай уулу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости