www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандык балбан Асан Жанышов Япониянын Нагоя шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медаль утту.
Бул тууралуу мелдештин жыйынтыгына таянып маалымдалды.
Жанышов 87 кг чейинки салмакта мелдешти чейрек финалдан баштап, Өзбекстандын өкүлү Жалгас Бердимуротовду 4:0 эсебинде жеңген.
Жарым финалда ал Казакстандын балбаны Шамиль Ожаев менен күч сынашып, 6:1 эсебинде жеңишке жеткен.
Ал эми финалдык беттеште япониялык Йошидо Тайзо менен күрөшүп, 1:11 эсебинде жеңилип, Азия оюндарынын күмүш медалына ээ болду.