www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип Ысык-Көл облусунун тургуну, 1976-жылы туулган Х.А. кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаасына жана жашаган үйүнө жүргүзүлгөн тинтүү учурунда 60 даана таңгакталган жалпы салмагы 970 граммды түзгөн баңгизат табылып алынган. Табылып алынган баңгизаттар боюнча тиешелүү экспертиза дайындалды.

Шектүү жаранга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Учурда кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.

Последние новости