www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Асейин Саралаевдин учурдагы саясый оюндарга карата пикирин айтты.

Белгилүү бир даанышмандан:

- Ушак деген эмне?, - деп сурашат.

Анда даанышман:

- Эгерде эки көзү тең көрбөгөн жетелеме сокур жана тили дудук адам, эки кулагы тең укпаган керең дүлөйгө чуркап келип, эки буту жок чолок адам суунун үстүндө басып жүрөт деп жаңылык айтса, ошол ушак болот, - деген экен. Айтор ушактын көздөрү сокур, кулагы дүлөй, тили дудук жана буттары мунжу болорун таасын айтыптыр...

Айтайын дегеним экс-президентибиз Курманбек Бакиев жөнүндө жазсам же туулган күнү менен куттуктап койгонумду көрө алышпай менин дарегиме ар кандай ушактарды токуп аткандар, аябай сонун сөздөр менен сөгүп-саккандар жана каргап шилеген ушакчы бечаралар силерге терең ыраазычылык билдирем!

Эмнеге дегенде, менин жазган чындыгымдын ачуу экенин дайыма мойнуңарга аласыңар. Өзгөчө трайбалисттер, чындык силердин көчүгүңөрдүн жыртыгынан бери күйгүзгөндүктөн, туйлап гана жибересиңер го, чиркин! Экинчиден мени билбей туруп, мени көрбөй туруп акыма кирип менин болгон күнөөлөрүмдү жанталашып бөлүшөсүңөр. Силер канчалык мени жамандап, жалаа жаап, ушактап, сөгүп-саккан сайын менин 41 жыл бою топтолгон күнөөлөрүмдү жанталашып бөлүшүп атасыңар. Бул эмне деген бакыт, чиркин! Кандай гана бактылуумун!

Мен көпчүлүк учурда комментарийлерди жана мессенжерди ачып каттарды окубайм. Ошондуктан кыйналып комментарий же кат жазбай эле койгула. Анан силердин ушагыңар, жалаа жапканыңар, жомогуңар жана иттин тезегиндей балит сөздөрүңөр мага эч кандай таасир этпейт! Мени окуп алып жаман болот, нерв болот же коркот деп ойлойсуңарбы? Мен тескерисинче каткырып күлөм! АДАМЧА сүйлөп жаткан: иттердин түркүн породасын, чочколорду, чөөлөрдү, жыландарды, чаяндарды жана дырдай жылаңач маймылдарды көрүп кантип күлбөйсүң? Өзүнчө эле анегдот да! Эң күлкүлүүсү ошолордун 99% и ФЕЙКТЕР! Оо, бети күйгөн хайвандар!

УРМАТТУУ УШАКЧЫ ЖАНЫБАРЛАР!

Силерге чоң рахмат!

Сөзүмдүн акырында эмне дегим келет? Мен көп эле жолу айттым. Азыр эл арасынан да мендей ойлогондор көп экенине күбө болуп жатам. Дагы бир жолу айтайын, Курманбек Бакиев чындыгында КЫРГЫЗСТАНДАГЫ эң күчтүү Президент болгон! Курманбек агабыздын сүрүнөн, чындыгынан азыркыга чейин корккон иттер толтура! Курманбек агабыз АКАЕВДЕН калган жарды өлкөнү КМШдагы күчтүү өлкөлөрдүн катарына чыгарганы да чындык! Эми шашпагыла! Силер ушактын ушагын айткан сайын, чындыктын чындыгын чыбык кылып чаба турган жериңерге чапкылайм! Маарагыла, улугула, мөөрөгүлө, кишенегиле, аңкыштагыла, мээрегиле жана чаркырагыла жаныбарлар! Акыр аягы өз ушагыңарга муунуп өлгүдөй кылам силерди! – дейт белгил журналист Асейин Саралаев.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости