www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Менимче, Курманбек Бакиевди өлкөгө чакырып акылын, кеп-кеңешин пайдалансак туура болмок... Мындай пикирин журналист Асейин Саралаев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
«Бакиев - эң мыкты президент
Өлкөбүз 11 жылдан бери профицит (пайда) эмне экенин билбей жашап келе жатабыз. 2010-жылы Курманбек Бакиевдин бийлигин кулатып, экономикасы көтөрүлүп келе жаткан өлкөбүздү жардан алыс ыргыткан экенбиз.
Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында болгону 4 жолу профицит, жалпак тил менен айтканда пайдага чыккан экенбиз. Бул болсо өлкө жетекчисинин мыкты чарбачыл жана башкаруучу, өз кесибин мыкты билген күчтүү командасы болгондо гана мүмкүн боло турган «эң жакшы» көрсөткүч экенин эми түшүндүк...
Өлкө казынасы биринчи жолу профицит менен чыккан 2001-жыл Акаевдин доорунда болуптур.
Бирок, ошол жылы Курманбек Бакиев Премьер-министр болуп иштеген жыл экен. Ал эми үч жолку бюджет профицити Бакиев башкарып турган учурда, тагыраагы 2005, 2007 жана 2008-жылдарда болуп, өлкөбүздүн экономикасы көтөрүлүп коңшуларды дагы таңгалткан учурлар экен. Акаевдин учурунда каржы таңкыстыгы 11 364 616 000 сом, Отунбаеванын учурунда 24 431 689500 сом, Атамбаев учурунда 67 941 96400 сом болсо Жээнбеков 35 миллиард (2020-жыл) сомдон ашык таңкыстык менен өлкөнү өткөрүп берди. Ал эми Курманбек Бакиев Президент болуп турган учурда жалпы таңкыстык 1 225 391300 сом гана болгон экен... Эми элестетиңиз 35 миллиард, 67 миллиард, 24 миллиард, 11 миллиард жана 1 миллиард. Ошондо ким мыкты Президент болгон экен? Бакиевдин тышкы карызды азайтып жапканын да унутпашыбыз керек.
Менимче Курманбек Бакиевди өлкөгө чакырып акылын, кеп-кеңешин пайдалансак туура болмок...
Белгилей кетүүчү нерсе, ошол өлкөбүздүн бюджети төрт жолу профицит менен чыккан учурда Акылбек Жапаров (2001) КР Жогорку Кеңешинин салык, бажы жана башка төлөмдөр комитетинин төрагасы, (2005-2007) КР экономика жана финансы министри, финансы министри, (2008) КР соода жана экономикалык өнүктүрүү министри болуп иштегенин жана Бакиевдин командасындагы күчтүү министр болгонун унутпашыбыз керек. Садыр Жапаров кадр тандоо саясатында Бакиевден үлгү алса жакшы болмок... Ач айкырык, кустурам, даканса, үлдүрөгөн министрлер, кошоматчы кеңешчилер менен бюджет эч качан толбойт!», - кошумчалады ал.
Булак: NazarNews.kg