www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Сыймык көп жыландын куйругун басты. Ал жыландар эми аны кечиришпейт. Анткени, аларда айкөлдүк, кечиримдүүлүк деген касиет жашабайт», - деди бүгүн, 5-февралда NazarNews маалымат агенттигине жарандык активист Уран Рыскулов.
- Уран мырза, жаңы бийликтин министрликтерди кыскартуу аракети колдоого татыйбы?
- Жапаров «мурдагы бийликтегилер бир киши үчүн атайын мамлекеттик мекемелерди ачып, бийлик структураларынын санын көбөйткөн» деп туура айтты. Бийлик структураларынын санын сөзсүз кыскартыш керек. Бирок, Жапыкеевди жумуштан алыш үчүн бүгүнкү коррупция гүлдөгөн кырдаалда финполду жоюу акмакчылык.
- Сыймык Жапыкеевге каршы ишкерлер көрсөтмө бере баштады деген маалыматтар айтыла баштады. Анын коррупция менен күрөшкөнү башкаларга жакпай жатабы же ал чындап эле коррупция менен күрөшүмүш болуп, капчыгын кампайтып жатабы?
- Негизи коррупция менен бир киши күрөшпөйт. Күрөшүү үчүн бийлик бутагындагылардын саясий эрки болуш керек. Андан тышкары коррупция менен күрөшүү боюнча дүйнөлүк практиканы эске алып, иштелип чыккан мамлекеттик программа керек. Программа жок болсо эч майнап чыкпасын Сыймыктын мисалында түшүнсөк болот. Сыймык көп жыландын куйругун басты. Ал жыландар эми аны кечиришпейт. Анткени, аларда айкөлдүк, кечиримдүүлүк деген касиет жашабайт.
Булак: NazarNews.kg