www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Асаейин Саралаев Баткен облусунун Кадамжай районундагы окуучу кыздын өлтүрүлүшү боюнча пикирин билдирип, шектүүлөрдүн жүзү коомчулукка ачык көрсөтүлүшү керектигин айтты. Бул тууралуу журналист өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Булар билишкен... Кандай гана кылмыш кылбасын коомчулук алардын кимдер экенин билишпейт! Анткени алардын укугун коргогон келесоо мыйзам-нормалары бар. Алардын аты-жөнүн да, алардын түрү суук кылмышкер жүзүн дагы эл көрбөйт. Анткени алар кылмыш кылганы үчүн корголот! Эл алдында уят болушпайт. Эч ким аларды көчөдөн кармап алып «Сен итсиң!» дешпейт.  Булар өлүм жазасына тартылышпайт. Бирде болбосун, бирде акчанын күчү менен мыйзамдагы аңырайган гумандуу жылчыктардын биринен эркиндикке чыгып кетишет.

Эмнеге бул канкорлордун бетин катабыз? Анткени шектүү да деп былжырайсыңар! Булар кылмышкер болуп соттолуп өкүм чыкканда дагы көргөзбөйсүңөр! Анткени алардын укугу тебеленет имиш... Дүйнөнүн мен-мен деген күчтүү өлкөлөрүндө деле мындай иттердин жети атасына чейин айтышып, беттерин коомго ачык көргөзүшөт!

Менимче, айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү керек. Бул үч аңги сыяктуу иттерди коомчулукка ачык көргөзүп, түз эфирде ачык соттогонго мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек. Анткени биздин кылымдарды карытып келе жаткан салт-санаабызда дагы кылмышкерди эл алдында ачык соттошкон. Динибизде да буларга кечирим жок! Иран, Сауд Аравиясы же Эмираттагыдай эл алдында дарга асып же баштарын кыя чапсак жакшы эле болмок. Ушулар сыяктуу педофилдерге өлүм жазасын киргизип, үй-бүлөсүнө зомбулук кылган айбандарга дагы катаал жаза берүүнү күчөтүү керек. Бул акмактарды кудай эки дүйнөдө эң оор жазасын берсин!», - деп жазган ал.

Эске салсак, 4-сентябрь күнү Кадамжай районунда сел өтүүчү тоннелдин ичинен 14 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Ал колу артка жип менен байланып, муунтулган абалда жаткан. Кылмышка шектүү катары Кадамжайдын Халмион айыл аймагынын 24 жаштагы А.у.С., 25 жаштагы М.Ш. жана 27 жаштагы Г.Д. аттуу тургундары кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости