www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттары арасында мыйзамсыз маңзат ташууга байланышкан кылмыштарга кириптер болгондор көбөйдү. Мындай маалымат Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин 5-сентябрдагы жыйынында айтылды.

Эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык бала маңзат ташууга айыпталып кармалганын айтты. Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров мындай кылмыштарга кириптер болгондордун саны көбөйүп жатканын ырастады.

"Көбөйүп жатат. Биз өзгөчө көзөмөлгө алганбыз, элчилик жана өкүлчүлүктөр менен бирге иш алып барып жатабыз. Тергөө иштерине кирише албайбыз", - деди Мадмаров.

Комитеттин жыйынында элчиликтин мигранттарга укук жардам бере турган адистердин санын көбөйтүүнү сунушташты.

Орусияда административдик-укуктук мыйзам бузгандардын саны 2020-жылга караганда 1,5 эсе өскөнүн 28-июнда Жогорку Кеңеште "Ыйман-Нуру" фракциясынын жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров билдирген.

Анын айтымында, негизги себептердин катарында Орусияга кирип-чыгуу режимин бузуу, бейбаштык, алкогол жана маңзат колдонуу сыяктуу фактылар бар.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Орусияда 1834 кыргызстандык ар кандай кылмыштарга айыпталып абакта отурганын айткан. Камакка алынгандардын 30% маңзат кылмышы боюнча кармалгандар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости