www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз шоу-бизнесинде өзүн абдан назик алып жүргөн ырчы Асель Кадырбекова бүгүн бизде мейманда!

- Асель, максималдуу салмагың канча?

- Мурда абдан арык кыз болгондуктан, толо албай келгем. Аракет кылып бир жылдын ичинде салмак кошуп, азыр 55 кг болдум.

- Жакшы көргөн мультфильмиң?

- “Анастасия”. Кичине кезимден бери абдан жакшы көрүп келем. Бул фультфильмди көргөндө дайыма балалыгым эске түшөт.

- Жалкоолугуң бар эле. Иштен баш тартып койгон учурларың болгонбу?

- Апам ар дайым “Өзүң дегенде өгүздөй күчүң бар” деп айтып күлүп калат. Мына ошол сыңары канчалык жалкоолонуп, ооруп турсам да, мага керектүү нерсе болсо эч качан баш тартпай барам. 

- Галстук байлаганды билесиңби?

- Билбейм. Бирок, үйрөнүшүм керек эле...

- Сени көпчүлүк “Үнү жок” деп сындашат. Буга кандай карайсың?

- Мындай пикирлерге таң калбайм, көңүл бурбаганга да үйрөндүм. Инстаграммдагы баракчамда мындай жаман пикирлерди калтыргандар абдан көп. Бул нерсени угуу мен үчүн адат болуп калгандай...

- Кандай мүнөздүн ээсисиң?

- Жөнөкөй, шайыр кызмын. Адамдар менен тез тил табышам. Бирок, эл адамы болсом да, уялчаактык мүнөзүм бар.

- Абдан көп боёнуп жүрөсүң. Эмнеге?

- Ар бир ычынын өз имиджи болот. Боёнуу менин- имиджим. Ар бир аялзаты боёнуп, өзүнө кам көрүп жүрүшү керек. Ал эми үйдө эч жакка чыкпасам боёнбой эле жүрө берем.

- Финансы сага кайдан түшөт?

- Ырчылыктан жана инстаграмдан акча табам.

- Нурлан Насип менен азыр да кыз-жигит мамилесиндесиңби?

- Жок, жеке жашоом тууралуу эч жар салгым келбейт. Коомчулукка жар салып айта берсең баары тескери болот экен.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости