www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Украина Куралдуу күчтөрүнүн ийгиликсиз кадамдарынан улам өлкө президенти Владимир Зеленскийди алмаштыруу чечимине келиши мүмкүн. Бул тууралуу Asia Times баяндамачысы Стивен Брайендин макаласында айтылат.

"Украин армиясынын дегеле жолу болгон жок. Фронттук линиянын дээрлик бардык жеринде жеңилип жатат. Орустар украиндерди Донбасстагы стратегиялык пункт болгон Марьинкадан сүрүп чыгарып, Бахмуттун айланасындагы айыл-кыштактарды тазалоодо", — деп жазган эксперт.

Журналисттин айтымында, украин аскерлерли россиялык армиянын чабуулуна туруштук бере албай акыры чегинет, болбосо таш-талканы чыгат. Брайен АКШ бийлиги жакынкы күндөрү Россия менен эпке келиш керек деген чечим чыгарышы мүмкүн, бирок буга сүйлөшүүдөн баш тарткан Зеленский жолтоо экенин белгиледи.

"Анда АКШ кырдаалдан чыгуунун бир эле жолу бар деп Украинада мамлекеттик төңкөрүш жасап, Зеленскийди орустар менен сүйлөшүүгө даяр саясий же аскерий лидер менен алмаштырышы мүмкүн", — деп жазылат макалада.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости