www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаардык соту массалык баш аламандык уюштурууга айыпталган камактагы активисттердин, саясатчылардын жана журналисттердин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызды кароону улантты.

Залга Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева алынып келинип, ал буга чейин соттун чечимин билип турганын айтып, СИЗОдо ийне сайдырууга (укол) муктаж болгондуктан, соттук коллегиядан убакытты созбоону суранды.

"Сотторго ишенеримди же ишенбесимди билбей калдым. Таарыныч адилеттиктен күчтүү. Мен баардык президенттердин алдында өз оюмду айтып келгем, мындай мыйзамсыздык болгон эмес. Бийликти жаштарга бериш керек дешип, аны алышты. Алар болсо мыйзамсыз 30 кишини камап коюшту», - деди Сасыкбаева.

Эскерте кетсек, Бишкекте 23-24-октябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалган.

ИИМ бул адамдарды массалык тополоң уюштурууга аракет кылган деп айыптоодо.

Бишкектин Биринчи май райондук соту башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20дан ашык саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Алар соттун чечимине нааразы болуп ачкачылык жарыялашкан.

Саясатчы, активисттер Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бирөө ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости