www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскар Акаев эмнеге Токтайым менен кучакташып учурашпады?

Токтайым Үметалиева Кыргызстандагы коомдук-саясий ишмерлердин арасынанан Акаев Москвага качып кеткен биринчи күндөн тартып, анын таламын ачык талашкан жана узак жылдар бою ал позициясынан кайтпаган жалгыз айым. Кеткен президенттен жүз бурууга, ага каршы чыгууга аракет да жасаган жок. Муну бүт кыргыз эли билет.

Аскар Акаев УКМКнын имаратынан чыкканда Токтайым аялдык мээримдүүлүгү менен ага кучагын ача жүгүрдү. Бирок экс-президент андан өзүн оолактатып, журналисттер тарапка басты. Бул видеону троллдор интернетке таратып, моокумдары канганча табалап алышты. Менин көз карашымда, бул экс-президенттин өтө калпыстыгы кыргызстандыктардын ага болгон негативин дагы көбейттү.

Айтылып жүргөндөй, коомчулукта «Аскар Акаев Кумтөр коррупциялык схемасына катышкан» деген пикирлер бар. Эми ушундай пикирди экс-президент сотто, бир убактар да Феликс Кулов жасагандай үч инстанцияда тең жокко чыгарышы керек. Садыр Жапаров менен жолугушканы элдин шегин жок кылбайт, тескерисинче, көлөкө учурдагы президентке да түшөт...

Булак: Азия News гезити

Последние новости