www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грузиянын экс премьер-министри жана тажрыйбалуу экономист, мамлекеттик ишмер Ника Гилаури Кыргызстанда реформа жасоо үчүн чакырылышы мүмкүн. Маалымат азырынча өздүк жеке булактарга таандык. Ника Гилаури Грузияны 2009-2012-жылдары башкарган. Бул тууралуу маалыматты Медербек Саидов билдирди. 

--«Ника Гилаури практикадагы экономика китебинин автору. Грузияда 2003-жылы болуп өткөн Роза төңкөрүшүнөн кийин 28 жашында бийликке келген күчтүү реформатор. Ника Гилаурунун азыркы бийликке бир канча багыт боюнча реформа жүргүзүүсү боюнча кептер жүрүп жаткандай.

1. Бажы системасыны автоматташтыруу жана санариптештүрүү багыты.

2. Салык системасын комплекстүү түрдө өзгөртүү жана санариптештирүү.

3. Финансылык жана экономикалык негиздеги тоталдык коррупцияны жоюу жана бирдиктүү системага байлоо.

4. Комплекстүү түрдө реформаларды жасоо жана бирдиктүү системага алып келүү, санариптештирүү планы.

5. Бажы жана салык кодексттерине өзгөртүүлөр киргизүү жана эффекдүүлүгүн жоготкон беренелерди жокко чыгаруу.

6. Кичи, орто жана чоң бизнесттерге комплекстүү түрдө жардам берүү ж.б.у.с реформалар боюнча көмөктөшөт», деп кошумчалаган Медербек Саидов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости