www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда укуктук мыйзам маселесинде башаламандык, өзүм билемдик өкүм сүрүп жатканы өкүндүрөт. Түшүнүк менен жашаган доорго кайттык көрүнөт. 

Дегенибиз, өтө одоно каталарга жол берилип жатат. Мыйзам иштебей шал болуп, кылмыштуу иштер түшүнүккө жараша чечилип, мамлекеттин укуктук түзүлүшүн кыйраткан адаттар күчөп баратат. 

Мына айталы, Аскар Акаев менен жубайы Майрам Акаеванын Кыргызстанга келгени боюнча коомчулукта катуу сындар айтылып жатат. Өзгөчө мыйзам карапайым элге эле иштеп калды деген нааразычылыктардын учкуну тутанып баштады. 

Чындыгында өлкөнү тоноп, мамлекеттен куулуп кеткен Аскар Акаевдин сүттөн ак болуп, элге, мамлекетке зыянын тийгизбеген ак каргага айланып Кыргызстанга кайтып келгени, моралдык жагын эске албаганда дагы, укуктук, мыйзам жагынан алганда көп суроолорду жаратат... 

Эң эле кызыгы, өлкөнү тоноп куулуп кеткен адам, студенттерге лекция окуп, акыл үйрөтөм деп жатканы кайсы мыйзамга, логикага сыят? Акыры Акаевдин акылына муктаж боло турган болсок, "ичип-жеп, тоносоң мейли, эл итке минсе да элге убал жок" деп жайына коюш керек эле? 

Андыктан, "Акаев Аксы окуясына, өлкөнүн тонолуп, кыргыз элинин мигрант болуп тентигенине жооп бериши милдет, мыйзамды буйлаланган төөгө айланткан түшүнүк менен жашаганды токтотуш керек" дебестен, тескерисинче, "ит болдук, куш болдук" деп Акаевден кечирим сурайлы... 

Мындан ары: "Кылмыш жасап, элге, өлкөгө чыккынчылык кылып качып кетишкендер, убакыт өткөзүп унуткарып, жоопкерчиликтен кутулуп кете беришсе, өлкөдө тартип, өнүгүү болбойт. Өз элине, мамлекетке зыян келтиргендер мыйзам чегинде жоопкерчилик тартышыпаса, жарандардын укуктук тең салмактуулугу сакталбаса, өлкөнүн пайдубалы бекемделбейт", - деп обон созгонду токтотолу. 

Ар ким өзү билсин. Кылмыш кылып качып жүргөндөр кайтып келгилери келсе, мыйзам алкагында өздөрүнүн күнөөсүз экендиктерин далилдешсин. Аны каалашпаса, студенттерге лекция окуп берем деп эле келе беришсин. Айыптуу элем, абакка отуруп жоопкерчилик тартышым милдет эле деп чочулаштын кажети жок.

Себеби, алардын ичип-жегенин көралбай кууп жиберген эл өзү айыптуу. Акыры алардын акылына зар боло турган болгон соң, эмнеге куушат? Эл өзү күнөөлүү?..

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости