www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги №101 мектептин директору кызматынан бошотулду

Бишкектеги №101 мектептин директору Гүлжан Жантаева өз каалоосу менен кызматынан бошотулду. Бул тууралуу журналисттерге борбор калаанын мэриясынын билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Бөлүм Билим берүү жана илим министрлигине аталган окуу жайдын директорунун бош орундары боюнча арыз жөнөткөн.

Эске сала кетсек, Биринчи Май районунун акими Максатбек Сазыкулов 2023-жылдын апрель айында директор болуп дайындалган Жантаеваны кызматтан алуу боюнча шаардык билим берүү башкармалыгына сунуш жолдогон. Катта Жантаева акимчиликтин жана райондук билим берүү бөлүмүнүн негизи жана уруксаты жок мектеп окуучуларын эки жолу онлайн окууга жибергени, ошол эле учурда окуучуларга ысык тамак берилип жатканы айтылган.

Буга чейин бул мектептин окуучуларынын ата-энелери директорлукка соттуулугу бар адам дайындалганына нааразы болгон. Бирок Билим берүү министрлиги соттуулугу жоюлган деп жооп берген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости