www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук китепкананын директору Нуржан Иманкулова ээлеген кызматынан убактылуу бошотулду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Улуттук китепканада 6-февралда Башкы прокуратура тарабынан текшерүү жүргөн. Анын жыйынтыгы менен КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Алгачкы маалыматтар боюнча, келтирилген материалдык зыяндын көлөмү 3 млн сомго жетет
Текшерүүдөн кийин директор Нуржан Иманкулова Башкы прокурада суракта болгон.
Маданият министрлигинин билдирүүсү боюнча, китепканадагы инвентаризациялоонун жыйынтыгында баалуу делген 2 китеп жоголгону белгилүү болгон.
«Башкы прокуратуранын текшерүүсү менен кызматтык дайындоо, каржылык иштер, китептердин жоголушу боюнча мыйзамсыз иштер ачыкталган. Ченемдик-укуктук актылардын бузулушун жоюу максатында министрлик Нуржан Иманкулованы кызматтан убактылуу четтетти», - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Булак: NazarNews.kg