www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аскар Акаев кыргыз элине өткөндү унутуп, эртеңкини ойлоп, келечектин камын көрөлү деп айтканы абдан туура сөз болду. Мен өзүмдү алсам өмүр бою ушул насаатты туу тутуп жашап келем жана карапайым калк, алыста жүргөн мигирант, арийне айыл эли, айтса-айтпаса да ушул акыл-эс менен жашайт. Мындай пикирин жазуучу Муса Сапаев билдирди.
«Кечээ, Аскар Акаевич Акаев СССРдин акыркы президенти, Советтер Союзун тырым-тыракай тараткан М. С. Горбачевдун каза болушу тууралуу «Азаттык» радиосуна интервью берип бүткөн соң кыргыз элине кайрылып, өткөндү унуталы, улам эле мурунку кеткен каталарды кайталай сындаганды токтотуп, эртеңкини ойлоп келечектин камын көрөлү, ар бирибиз келечек жөнүндө сүйлөп Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшүнө ак эмгек менен салмактуу салым кошолу, деген акыл-насаатын чоң басым менен айтты.
Абдан жакшы жана негизинен туура! Мен өзүмдү алсам өмүр бою ушул насаатты туу тутуп жашап келем, ошондой эле карапайым калк, алыста жүргөн мигирант, арийне айыл эли, айтса-айтпаса да ушул акыл-эс менен жашайт, муну баарыбыз билебиз, анан неге тешилген тепшиден чыга албайбыз!?
Трагедия сизге чырмала байланып чынжыры үзүлбөй жатканында болууда.
Сиз, сизди колдомуш эткен айланаңыздагы бир ууч айлакер жана алчы-таасын жеген куу аткаминерге, менин бийликте былк этпей олтурушума тирек болот деген ойдо пара катары ондогон завод, фабрика, комбинаттарды, автобаза, техпарк, гараж, сарай, кашарларды, стадион, бала бакчаны кошуп миңдеген мал-мүлктү, баалуү кендерди элден жашыра менчикке ыйгара салуу менен бардык маселе дээрлик акчанын (негизинен арам) гана күчү менен ыйгарылуучу, жайгаштырылуучу, чечилүүчү системаны темир-бетондой бекем түзүп салгансыз.
Алеки айда арам байлыкка тунуп, миллионер болуп таза кыныгын алган сиздин «плеяда» элиңдин, өндүрүшүңдүн, өлкөңдүн келечегин уруп да ойнобоймун, мен такыр тоюнбай жатам, бюджетиң, кредитиң, гүмжардамың болобу мойсоп турушум керек, каниеттенбесем калктын жонунан кайыш тилишим керек таризинен көшөрө такыр чыкпай жатышпайбы.
Аскар Акаевич! Сиз ушул «учениктериңиз» менен «индивидуально» кытыр иштешип алкымдарын бууп берсеңиз, апетитин тыйууга жетишсеңиз кыргыз элинин алдында нака эрдик жасаган болот элеңиз...», - деп белгилеген ал.
Булак: NazarNews.kg