www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Памирдеги кыргыздарга биринчи өзүбүз жардам беришибиз керек. Мындай пикирди Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов айтты. 

--"Биз, Кыргызстан Памирдеги кыргыз боордошторго биринчи өзүбүз жардам берип, даярдыгыбызды көрсөтүшүбүз керек. Ошондон кийин эл аралык коомчулук да кайдыгер болуп четте карап турбайт. Өзүбүз эч кандай аракет кылбай эле эл аралык уюмдардын колун карап байкуш болбошубуз керек. Үчүнчү-төртүнчү кадам катары эл аралык коомчулуктан жардам күтсөк болот. Андан кийин аларга эмнеге муктаж экенибизди айтабыз.

Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча комиссариатынан тышкары фонддору да бар. Алар да кайдыгер эмес. Анткени мамлекетибиздин абалын көрүп турушат. Болгону алар бул маселе боюнча Кыргызстандын көз карашын күтүп жатат. Биз аны аныктап алсак жардам берет", - дейт Бешимов. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости