www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Манастын уулу Семетей" фильми тартыла элек жатып таламайга калды. Биринчиден, чын-чынына келгенде фильмдин кандай болоорун биз али билбейбиз, ошондуктан олуячылык кылуу азырынча эрте.

Экинчиден, менин билишимче, фильмдин сценарийи Жалил Садыковдун Кыргыз улуттук драма театрында кырк жылдан бери көрсөтүлүп келаткан эпикалык драмасынын негизинде иштелген. Актёрлордун да ошол спектаклден тандалып алынганы көрүнүп турат.

Үчүнчүдөн, "Манастын уулу Семетей" экшн фильм катары тартылбайт. Андай фильм тартуу үчүн өтө чоң каражат талап кылынат. Андыктан бул фильм костюмдук спектаклдин киноварианты катары иштелет. Дүйнөдө ушул принцип менен жасалган популярдуу сериалдар көп. Ал эми кыргыздын кино тарыхында да бизге бул практика эң сонун тааныш - Мелис Убукеев тарткан "Ак Мөөр".

Төртүнчүдөн, "Манас" баштаган кыргыздын улуу жана кенже эпосторунун сахналык же киноинтерпретацияларын чыгармачыл адамдардын ким-кимиси болбосун жасоого толук акысы бар. Бул чыгармалар автордук укуктун объектилери болуп эсептелбейт. Андыктан аларды башка чыгармачылык максаттарга пайдаланууга тыюу сала турган башка рычагдар жок. Элдик эпостор жалпы элдин байлыгы.

Бешинчиден, биз цензурасы жок эркин демократиялуу өлкөдө жашап жатканыбызды унутпайлы. Азыр большевиктик кандуу тоталитаризимдин заманы эмес.

Алтынчыдан, иштин натыйжасын көрбөй туруп мынчалык ызы-чуу чыгарыштын канчалык зарылдыгы бар? "Муну жасаба", "тигини" жасаба", "минткен болбойт", "тигинткен болбойт" деген тар көз караш менен улутубузду эч качан алга өстүрө албайбыз.

Жетинчиден, өз учурунда улуу актриса Бакен Кыдыкееванын үйү өрттөлүп, анысы аз келгенсип курулай шылтоо менен театрдан чыгарылган. Улуу актёрлор Советбек Жумадылов, Асанбек Кыдырназаров, ашкере талант Бекин Сейдакматов, залкар режиссёрлор Мамат Рыскулов, Жалил Абдыкадыров театрдан айдалышкан. Режиссёр Бообек Ибраев "Манастын уулу Семетейди" коюп, премьерасына жетип калган кезде театрдан чыгарылган. Теңдешсиз сулуу актриса, ошонусуна барабар орошон таланты бар Таттыбүбү Турсунбаева отуз жети жашында жарык дүйнөдөн өткөн. Ал эми Чыңгыз Айтматовду кыргыз - совет жазуучулары төө бастыга алып, биротоло чыгарбай салаарда, казак Мухтар Ауэзов, орус Александр Твардовский, француз Луи Арагондун жардамы менен дүйнөгө аты тараган.

Ушулардын баарынын эң башкы себеби - ичи тардык. Кыргыздын көрө албастыгы. Пейлинин тардыгы.

Ушундан улам кыргыз элинин эле өз оозунда жүргөн бир кейиштүү притча эсиме түшүп жатат. Кудай еврейлерди кайнап жаткан казанга салып коёт, эмне кылышаар экен деп. Ошондо алар бири-бирине ийинин коюп, биринчисин казандын кырына чыгаргандан кийин, ал өзүнөн кийинкисин колунан тартып... Ошентип ийиндешип, колдон тартышып олтурушуп баары тең казандан чыгып кетишиптир. Анан ошол эле казанга Кудай кыргыздарды салат. Кыргыздар тырмалаңдап казандан чыгып баратканына жардам берүүнүн ордуна "кокуй тиги чыгып кетмей болду" деп, шыйрагынан тартып кайра казанга түшүрүшүптүр. Улам чыккысы келгенин улам шыйрактан тарта берип, казандагы кыргыздын баары кайнап калышыптыр.

Мына, ушундай өтө кейиштүү притча, кейиштүү накыл...

Акыркысы. Манас биз үчүн өтө ыйык, өтө бийик. Кыргыздын рухий дүйнөсүнүн Тал чокусу. Жалпы улуттун көөнөргүс байлыгы. Бирок, бул ата-бабабыздан калган мурас тандалган кастанын гана пешенесине жазылган менчиги эмес. Аны кастарлоого, сүйүүгө ар бир кыргыз баласынын укугу калгандарыныкы менен ашык-кеми жок бирдей. Андыктан улуу эпостун тигил, же бул формада өз вариантын жаратууга ар ким акылуу.

Пейилди тарытпай кенен салалы, урматтууларым...

Жаныш Кулмамбетов

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости