www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Үсөн Сыдыков акыркы мезгилдеги жетекчилер ичинен эң эле белгилүү, кыргыз саясатына таасири күчтүү инсан болгон" деп эскерди Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев.

"Үсөн Сыдыков... Бу кишинин ысмы биздин районго "Биринчи" болуп келгенден бери кулагыбызга синип калды. Ординардуу эмес личность. Акыркы 40 жылдан ашуун мезгилден бери саясий Олимпте келди. Совет үлгүсүндогу жетекчилердин акыркы могиканы. Өтө харизматикалуу, принципиалдуу инсан. Ошол эле учурда бу киши тууралуу карама-каршылыктуу ойлор айтылып келет. Акыркы мезгилдеги жетекчилер ичинен эң эле белгилүү, кыргыз саясатына таасири күчтүү инсан болгон. Анын лидерлик сапатын айланасындагылар гана эмес, "душмандары" да ичинен бийик баалап, ошол эле учурда анын адамдык сапатына бир жактуу эмес баа берер эле. Бу кишини эмне деп гана аташпады, бирок ал эң кыйын учурда да - Үсөн Сыдыков деген ысмын сактап калды. Баарын көрдү, баарын өзүнүн тагдыры аркылуу өткөрдү. Бирок, бийик Адам бойдон калды. Мекенчил - Улутту сүйүүнүн үлгүлөрүнүн бири эле...

Ал киши сыртынан таштай бекем көрүнгөнү менен, дээринде адамгерчиликтуу, кенен, боорукер, табияты жөнөкөй эле. Жашоодо эч кимди сатпады, өзү ишенген адамдарга башын канжыгага байлап берди... Бу мүнөз, чыныгы адамдык мүнөз. Канча кызматтарды ээлебеди, бирок суук колун элдин мүлкүнө, ырыскысына салган жок. Жетекчилик маданиятты Т. Усубалиев, А. Масалиев, С. Ибраимов сыяктуу алптардан, кристалдай таза инсандардан алды. Биз билген Үсөн Сыдыков ушундай...

 Эл билген Үсөн Сыдыков, кыргыз жетекчилер когортасынын көрүнүктүү өкүлү, өзгөчө доордун каарманы түбөлүккө жол алды...", - деп жыйынтыктаган Султан Раев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости