www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскар Салымбеков кыргызды жалкоо кылган 22 сапатты айтты

Белгилүү бизнесмен, Аскар Салымбековдун 2020-жылы айтылган кедей боло турган адамдын 22 белгисин айткан пикири!

1. Эрте турганды жаман көрөт.

2. Мүмкүнчүлүк болсо эле жамбаштап жатканды жакшы көрөт.

3. Эмгекчил адамдарды «акча дегенде өлүп кетет» деп сындайт.

4. Күнүмдүк маршруту окшош эле: Ашкана, телевизор, интернет, диван жана даараткана.

5. Кыялданат десе эле ишке ашпаган иллюзияга жетеленип, жакшы күн болорунан үмүт үзбөй күн өткөрөт.

6. Жумушу жок. Жумушка чакырса айлыгы аз деп шылтоолойт.

7. Көп акча тууралуу кыялданат, бирок, аракет кылбайт.

8. Бирөөнө сүйөнүп жашайт (аялына, күйөөсүнө, карыган апасына, эжесине же байкесине).

9. Бирөөгө акыл үйрөткөндү билет. Бирок ал акылын өзүнө пайдаланбайт.

10. Интернетке көп убакыт коротот.

11. Жанын кыйнагысы келбейт. Эки күн чарчап иштеп калса, бир жума бою эс салат, жоо чаап келгендей.

12. Дайыма бир нерсени шылтоо кылган адаты бар.

13. Жакшы көргөн сөзү «Ошол күн келе берсинчи», «Кудай деген кур калбайт», «Ар бир адамдын өз ырыскысы бар», «Бара көрөбүз», «Байлык колдун кири» ж.б.

14. Билими денгээли илгерки бойдон, же такыр эле билими жок.

15. Жаны нерсени кыйындык менен кабыл алат, же такыр эле кабыл албайт.

16. Изденбейт, өзүнүн ишканасын ачып аракет кылуу, өнүктүрүү тууралуу ойлоп да койбойт.

17. Акча чогултуу адаты жок. Бир аз ашыгыраак акчасы болсо, ал акча чөнтөгүн «тырмап» тынчтык бербей, короткуча шашат.

18. Чыгашаларын эсептебейт, зарыл болсо карызга алып шаан-шөкөт кыла берет.

19. Ачкыл, кычкыл, ачууга жакын.

20. Эң башкысы! Бекерчиликте жатып өмүр жылдары кемип, мүмкүнчүлүктөрү азайып жатканын капарына да албайт. Ыңгайлуулук зонасына (зона комфорта) батып калганын сезбейт.

21. Так что Чынгыз интернетке азыраак кирип тиричилигиңи кыл, атаң апаң катының туура айтат, азыраак интернетке кирсең сен тоону томкоросун, коррупция менен Камчыбек Ташиев акаң күрөшөт, өлкөнү Садыр Жапаров акаң гүл кылат, убактыңы энергияңы башка пайдалуу жакка бур, а эгер экөө жетишпесе Мелис Мырзакматов акаң бар, а ошол акаларыңын баарын Асан Мырза акаң карап турат.

22. Кыргыз өтө жалкоо, Чынгыз ишенбесең карап тур, жарымынан көбү окубай эле көк класс басып өтүп кетет, себеп жалкоолукту сүйөбүз, ушул жерде 18+ же саясат тема жазылган болгондо ар бири окумак аттиң...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости