www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөнүн жашоочуларынан мамлекет башчысына кайрылуулардын жана арыздардын саны өсүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.
Ал бир катар аймактардын жетекчилеринен отчетко даярданууну суранды. Президент бардык жергиликтүү жана муниципалдык бийлик башчыларын ай сайын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жана жыйындарда калк алдында маалымат берип турууну тапшырды.
Садыр Жапаров ошондой эле учурда аткаруу бийлиги алты айлык аткарган иштери боюнча маалымат берип жатканын белгиледи.
«Кыскача айтканда, бул кээ бир адамдардан кутулуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Азыр уктай турган убак эмес. Биздин иш өлкөнүн ар бир жашоочусуна оң таасирин тийгизиши керек», - деди Садыр Жапаров.
Президенттин айтымында, өткөн жыл Конституцияны өзгөртүүгө, шайлоолорго жана башка саясий маселелерге арналды.
«Бардык саясий оюндар бүттү деп айтак болот. Экономика менен алектенүүгө мезгил келди”, - деди Садыр Жапаров.
Булак: NazarNews.kg