www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Танзаниянын түштүгүндө белгисиз оорунун очогу катталды. Ал буга чейин үч адамдын өлүмүнө алып келген. Бул тууралуу 13-июлда Би-Би-Си билдирди.
13-июлга карата өлкөдө бул илдеттин 13 учуру аныкталды. Аталган басылманын айтымында, дарыгерлер белгисиз оорунун козгогучун аныктоого аракет кылып жатышат жана ал эболага окшош. Оорунун белгилеринин арасында катуу чыйрыгуу, баш оору жана жалпы чарчоо бар.
Маалым болгондой, учурда бейтаптар изоляцияда, инфекция жуккандардын бардык контакттары текшерилүүдө. Танзаниянын Саламаттыкты сактоо министрлиги бейтаптардын канында эбола ысытмасын жана ага окшош Марбург ысытмасын пайда кылган вирустар жок экенин билдирди.
Өлкө калкын сабырдуулукка жана оорунун белгилери байкалса дароо медициналык жардамга кайрылууга чакырышты.
Булак: NazarNews.kg