www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалыктар көптөгөн мусулман өлкөлөрүндө иштеп чыгып, колдонгон ыкмаларын азыр Украинада орус маданиятына каршы жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Ислам масхабдарынын жакындашуусу боюнча дүйнөлүк ассамблеянын башкы катчысы (Иран Ислам Республикасы) Хамид Шахрияри РИА Новостиге айтып берген.
"Бүт дүйнө америкалыктардын Украинада бир тараптуу саясатты таратып жатканын байкап турат. Бул көптөгөн мусулман өлкөлөрүндө алар боюнча иштелип чыккан ыкма эми орус маданиятына каршы колдонулууда. Украинанын көптөгөн чыгыш аймактары Орусияга ыктап жатат, бирок муну америкалыктар мойнуна алгысы жок.
Ислам революцияларынын натыйжасын көргүсү келбей, ушундай эле нерсени узак убакыттан бери АКШ Иранга карата жасаган жана жасап келе жатат", — деген Шахрияри РИА Новостиге Орусиядагы мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси менен жолуккандан кийин.
Ал "Жакынкы Чыгышта согуш бир топ жылдардан бери созулуп, ал жерде палестиналыктар эле эмес, башка жай тургундар, эл да жабыркап жаткандыгын" белгилеген. Диний ишмер америкалык саясатка каршы чыккан кандай гана өлкө болбосун АКШ аларды жок кылганга аракеттенип келерин айтты.
"Биз буга каршыбыз. Биз ар кыл элдин, ар кыл маданияттардын болушун жактайбыз. Ар бир адам өзүнө жакын жана жаккан маданияттын жолун тандап алганга укугу бар экенине ишенебиз. Орустар орус, ирандыктар иран болгусу келишет. Биз америкалык болууну каалабайбыз. АКШнын бир багыттуу саясатына каршы турабыз", — деп сөзүн жыйынтыктаган Хамид Шахрияри.